Тамчы аэропорту эми көп киши баткан көлөмдүү учактарды кабыл алат

29-июнда Эл аралык Тамчы аэропорту буга чейин кызмат көрсөтүп келген учактардан сыйымдуу, эки эсе көп жүргүнчү бара турган Як-42 учагын кабыл алат. Мындай учактарды кабыл алуу учак учуп-коно турган тилкелерди узартуудан улам мүмкүн болдуОрточо магистралдык Як-42 учагы Тамчыга Алматы шаарынан 29-июнда эртең мененки саат 8:30да келип конот – бул аэропорттун 102 жүргүнчү баткан учакты алгачкы жолу кабыл алуусу болот.

Аэропорттун директору Рашид Исманов “Клоопко” билдиргендей, учактар учуп-коно турган тилкелер 2 миң метрден 2,5 миң метрге чейин узартылган. Бул Як-42нин конуусуна жетиштүү болот.

Алматы — Тамчы — Алматы каттамдары жай мезгилинин аягына чейин дүйшөмбү жана жума күндөрү эртең менен аткарылып турат; учуу мөөнөтү бир тарапка 35 мүнөттү түзөт.

Билеттин бир тарапка болгон баасы – 150, эки тарапка болсо 250 АКШ долларын түзөт, бул болжол менен Ысык-Көлдү Казакстан менен байланыштырып турган башка каттамдардын бааларына барабар.

Жүргүнчүлөрдү ташуу иштерин казакстандык «Скат» авиакомпаниясы аткарат.

ЮСАИДдин Жергиликтүү өнүктүрүү программасы авиакомпанияны колдойт – алар «Скат» менен «Тамчы» аэропортунун ортосунда өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө жарам берген.

ЮСАИД каттамдардын Алматыга баруусун каржылайт

Коопсуздук

Жарандык авиация агенттигинин коопсуздук жетекчиси Тулен Арпачиев Як-42 учагынын жакшы экендигин белгилеп, өз пикиринде коопсуздук талаптарына жооп берет деп эсептейт.

Бирок 2011-жылы сентябрда Ярославлда дал ошондой Як-42 учагы кыйраган — учактын ичинде ярославдык «Локомотив» хоккей командасы болгон

Анда борттогу 45 адамдын ичинен жалыгз бирөө гана аман калган.

Тергөө аныктагандай, учактын кырсыкка учуроосуна учкучтардын кетирген катасы себеп болгон.

Мурунку Ысык-Көл — Алматы каттамы

ЮСАИД программасы буга чейин Казакстандын түштүк борбору менен Ысык-Көлдү бириктирип турган авиакаттам ачкан – 2011-жылдын декабрб айында Каракол-Алматы каттамы ачылган.

Журналист Сергей Высоцкий өзүнүн блогуна Каракол аэропортунун директору Бакир Дусалиев менен болгон маегин жазган.

Анда директор белгиленген апта сайын эки каттам жүргүнчүлөрдүн аз болгондугунан чыгымдуу болуп, каттамды жабууга туура келгендигин айткан.

«2-декабрдагы алгачкы каттам менен 1 жүргүнчү учуп келди. Аны менен бирге 14 туроператор жана ММК өкүлдөрү келишти. Алар “Каракол” лыжа базасында болушуп, 2-каттам менен 15-декабрда учуп кетишкен. Ал эми 2-декабрда болсо Алматыга эч ким учуп кеткен жок», — деп жазат Высоцкий Дусалиевдин сөзүн.

Бирок учурда аэропорттун директору жүргүнчүлөр аз болот деп кооптонбойт – анын пикиринде, туристтик мезгилде алардын саны көп болот.

Сүрөттүн автору: Arcturus

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков