Кыргызстандын тышкы саясатына президент жооп берет

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн тышкы саясатын башкаруу парламенттен өлкө башчысына өтө турган мыйзамга кол койду. «Клооп» тарабынан сурамжыланган депутаттар өлкөнүн тышкы багытын аныктоодо Жогорку Кеңеш катышуусун уланта бере тургандыгын айтышты.

4-июлда Атамбаев президентти Кыргызстандын тышкы саясий мамилелерине жооптуу кылган «Тышкы саясат тармагындагы мамлекеттик органдардын карым-катышы жөнүндөгү» мыйзамга кол койду.

«Мыйзам өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен Эл аралык укуктук субъектилер менен тең укуктуу мамилелеринин ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган Кыргыз Республикасынын эффективдүү жана бирдиктүү тышкы саясий багытын калыптандыруу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын карым-катышынын негизин аныктайт», — деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Кыргызстандын тышкы саясий сүйлөшүүлөрүнө эми президент жооп берет.

Президенттин аппаратынан азырынча мыйзамдын тексти редактирлөөдөн өтө элек болгондуктан басылып чыга электигин билдиришти.

Президент — «туруктуу» фигура

«Ар-Намыс» фракциясынан депутат Дастан Бекешев президент өлкөнүн тышкы саясаты үчүн жоопкерчилик ала ала турган бирден бир «туруктуу» фигура экендигин айтты.

«Парламент – көп пикирлүү орган, а тышкы саясатта бул болбойт. Ошонуктан парламент өзүнүн ыйгарым укугун өткөрүп берди. Ал эми президент саясатта жоопкерчиликти ала турган туруктуураак фигура», — деп эсептейт депутат.

«Республика» фракциясынан депутат Мирлан Бакиров жаңы мыйзамды жакшы деп эсептейт. Бирок Бакировдун пикиринде, Жогорку Кеңеш өлкөнүн тышкы саясий мамилелерин көзөмөлдөөнү уланта берет.

«Анткени, учурда биздин өлкөдө президент гана туруктуу деп эсептелинет. Калк үчүн тышкы саясатты ким аныктаары анча деле маанилүү эмес. Негизгиси тышкы сүйлөшүүлөр болушу керек жана кандай гана болбосун сүйлөшүүлөргө Жогорку Кеңеш чекит коет», — дейт Бакиров.

«Ар-намысчы» Игорь Гусаров президент өлкөнүн тышкы саясий багытын парламент менен макулдашып туруп аныкташ керек дейт.

«Эгер президенттин башкарууда кайсы бир ыйгарым укуктары кыскартылган болсо да ал тышкы саясатты аныкташ керек. Бирок мыйзамда өкмөт жана Жогорку Кеңеш менен макулдашып туруп деп жазылган жана бул приоритет сакталып жатат. Менин оюмча бул туура», — дейт Гусаров

«Жакшы» демилге

Саясат таануучу Анара Мусабаева өлкөнүн тышкы саясатына жооп бере турган органдарга координация жетишпей жатат деди.

«Бул бизде тышкы саясат башаламан жүргүзүлүп жаткандыгынан кабар берүүдө», — деп эсептейт Мусабаева.

Ал жаңы мыйзамдын талаптагыдай аткарылышынан күмөн санап жаткандыгын айтты.

«Бирок башка бир суроо, бул мыйзам да аткаруу үчүн эмес формасы үчүн гана чыгарылган башка чечимдер менен указдарын катарындабы? Же реалдуу бир алга жылуулар болобу?», — дейт Мусабаева.

Саясат тармагындагы серепчи Марат Казакпаев Кыргызстандын тышкы багытын президенттин колуна берүүгө туура деп баа берди.

«Тышкы саясатка парламент эмес, бир гана киши – президент жооп бериши керек. Бул өтө маанилүү, анткени быйыл тышкы саясий маселелер чечилет», — деди Казакпаев.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев мыйзам өлкөнү башкаруудагы жетишпестиктерди жок кылат, деп эсептейт.

«Парламенттеги көп факторлуктун, түрдүү түшүндүрмөлөрдүн, талаш-тартыштардын жыйынтыгында бардыгы тең бул иш менен президент алектениши керек деген чечимге келишти. Анткени ал өлкөнүн ичиндеги коопсуздуктун кепилдиги», — деп эсептейт серепчи.

Сүрөттүн автору: ELF

Автор: Любовь Шевченко

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков