Олимпиада-2012: Кыргызстан грек-рим күрөшү боюнча медаль албай калды

1/8 финалдык бөлүктө грек-рим күрөшү боюнча балбандар Арсен Эралиев менен Данияр Көбөнов өз салмак категориялары боюнча мелдеште жеңилип калышты, андан кийин көңүл жубатуучу коло медалга болгон күрөштө мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана алышкан жок.

Эралиев 1/8 финалдык бөлүктө 55 килограммдык салмак категориясында ирандык балбан Хамид Сорьян Рейханпуру менен күрөшкө чыгып жеңилип калды. Ирандык биринчи бөлүктө эле эки упай алып, артыкчылыкка ээ болду.

Кыргыз балбаны экинчи бөлүктө партерден кийин ийгиликтүү ыргытуу жасап жооп кайтарды. Бирок үчүнчү раундда дүйнөнүн беш жолку чемпиону болгон ирандык балбан күчтүү болуп чыкты.

74 кг салмак категориясына чейинки мелдештин 1/8 финалдык бөлүгүндө Данияр Көбөнов армениялык балбан Арсен Джулфалакян менен беттешип, жыйынтыгында бир дагы упай ала албай эки бөлүктө тең жеңилип калды.

Жеңилип калгандыктарына карабастан эки кыргызстандык балбандын тең жолу болду — алардын атаандаштары финалга өтүп кетишти. Бул болсо кыргыз балбандарына коло медалга болгон көңүл жубатуучу кармашка катышуу укугун берди.

Бирок Эралиев да, Көбөнов да бул мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана алышкан жок — экөө тең партерде ийгиликсиз болуп, жеңилип калышты.

Эралиев венгриялык балбан Петер Модошаны жеңе албай койсо, Көбөнов — белорус Александра Кикиневден жеңилип калды.

Кыргызстан үчүн олимпиадалык күндүн деталдык хроникасы

Кыргызстан Лондон Олимпиадасында өлкөнүн делегациясы үмүт кылып жаткан спорттун түрүндө медалсыз калды.

«Биздин балбандар Олимпиадага даяр. Менин балдарым жеңиш менен кайтып келишет деп ишенем», — деген олимпиаданын алдында Эралиев менен Көбөновдун башкы машыктыруучусу Эмил Алыкулов.

Кыргызстан грек-рим күрөшүнөн гана өз тарыхында жалгыз күмүш медаль жеңип алган — Пекинде өткөн Олимпиада-2008де Канатбек Бегалиев 66 килограммга чейинки салмак категориясында финалга чейин жетип, анда француз Стив Геного жеңилип калган.

Лондон Олимпиадасындагы эркин күрөш боюнча мелдеште дагы кыргызстандык балбандар катышат — 8-августта америкалык «Тайм» журналы өлкөнүн алгачкы алтын медалга болгон эң негизги үмүтү деп атаган балбан кыз Айсулуу Тыныбекова мелдешке чыгат.

Олимпиада жабыла турган 12-августта Кыргызстандын атынан эркин күрөш боюнча балбан Магомед Мусаев күрөшөт.

Авторлор: Бектур Искендер жана Гүлжан Турдубаева

Которгон: Илгиз Чалбараков

Сүрөт: Эл аралык олимпиадалык комитети