Ошто биринчи жолу бала бакчада музыкалык билим берилет

Шаардык №53-бала бакчасынын курамында 60 бала кыргыз улуттук музыкалык багытта окутуларын Ош шаардык билим берүү бөлүмү маалымдады. Окутуу сентябрдан башталат. Бакчанын бүтүрүүчүлөрү шаардык музыкалык мектебине токтоосуз кабыл алынышат.

Бул демилге мэрия тарабынан сунушталып, 3 миллион 350 миң сом коротулат.

Улуттук аспаптарда ойноону жаңы муунга калтыруу максатында, кыргыз улуттук аспаптарынан гана сабак берилет.

Тарбиячуулар тамак-ашы үчүн гана акча төлөшөт. Азырынча канча сумма болоору белгисиз.

Ош шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлайым Машрапованын айтымында, кыргыз музыкалык аспаптардын сатып алуусуна буйрутма берилип, учурда уюштуруу иштери жүргүзүлүп жатат.

Атайын түзүлгөн комиссиянын негизинде сынак жарыяланат. Балдарды бийлетип, ырдатып музыкалык шыгын текшерип, 5-6 жашынан алышат.

"Бирөөнү даярдоочу, бирөөсү чоң группа болот. Азыр эми сабактардын сеткасын түзүп жатат [...]. Биздин максат балдарды бакчадан баштап эстетикалык тарбиялоо [...]",–деди Машрапова.

Бул балдар бакчадан бүткөн бүтүрүүчүлөр шаардык №1-музыкалык мектебине токтоосуз кабыл алынып, биргеликте фольклордук балдар ансамбль түзүлөт.

Ата-энелер колдошот

Баласын жакында бала бакчага берүүчү Айгуль Далинова, ачыла турган бала бакча үйүнөн алыс болгондугу гана тоскоолдук жаратат деп билдирди.

«Эгер музыкалык болсо аябай жакшы го. Менин балам үч жашта, бирок ырдайт […]. Музыкалык мектепке өзүнчө ташып олтурбай. Балдар-бакчасынан эле алса жакшы го",–деген оюн айтты Далинова.

Ош шаарынын тургуну Бүсадат Маткасымова, балдарын музыкалык бакчага бербегени менен музыкалык билимди балдар бакчасынын баштаган жакшы экенин айтат.

Шаардын жашоочусу Гулнур Мамытова, баланын эрте эс тартуусу үчүн мындай бала бакча керектигин айтты.

"Баланын өзүнүн кызыгуусу болсо, берсе жакшы, эрте өнүүгүсү үчүн. Тилекке каршы менин балдарымдын музыкалык шыгы жок. Оба ачылса жакшы, да таланттуу балдар көп да",–дейт Мамытова.

Бул балдар бакчасы бийге, комузга, ооз комузга жана чопо чоорго ойноого үйрөтүшөт.

Редактор: Айзат Шакиева