Ош облусу: насыячынын иниси карызын төлөй албай өзүн өзү өлтүрдү

Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс айылынын тургуну, «Мол Булак» кичи кредиттик компаниясынан эжесинин насыясын төгүүгө акчасы жок калган. Кредиттик компания «үйүн алабыз» деп кабарлашканда, иниси 14-августта асынып алган. Компания каза болгонун насыяга «тиешеси жоктугун» айтты.

Насыячы Зулфия Татипова 50 курактагы каза болгон Абдыбакар Каратаевдин бир тууганы.

Татитова «Мол Булак» кичи кредиттик компаниясынан алгач 900 миң сом насыя алган. Анын айтымында, өзүнүн карызын иниси төлөп жүргөн.

Ушул айда насыяны төлөй албай калган. Ошондуктан кредиттик компания акыры Каратаевдин «үйүн сатып, насыяны төлөйсүн» дегендиктен иниси асынып алган.

««Мол-Булак» жадатыптыр да үкемди. Анан ошолордон тойгонунан асынып алыптыр, мен эмне адеп эле ушулардан сөз уга беремби деп», — деди Татипова.

Ошондой эле Татипова насыя алуучулардын нааразычылык акциясына кошулуп мындан ары аянтта болоорун кошумчалады.

Татипова азыркы учурда ден-соолугу «орточо оор абалда» болгондуктан тез жардам кызматын аянтка чакырышкан.

Тез жардам кызматынын кызматкеринин айтуусунда, кан басымы ашыкча көтөрүлүп кеткен. Азыр кан басымынын түшүрүү үчүн эмделип жатат.

Насыячылардын лидерлеринин бири Жаңыл Балтабаеванын айтуусунда, мындай окуя дагы кайталышы мүмкүн деп билдирди.

Ош шаарынын «Мол-Булак» компаниясынын аткаруучу директору Айнагуль Исамидинова Каратаев насыяны төлөп кеткен, анын каза болгону алардын ишканасына тиешеси жоктугун маалымдады.

«Биздин кардар Абдыбакар Каратаев 13-августта жакшынакай эле өзүнүн насыясын төлөп, андан кийин биздин бир да кызматкер телефон да чалып, үйүнө да басып барган жок», — деди аткаруучу директор.

Насыясын төлөй албаган аялдар 20 күндөн бери Ош шаарынын админстрациясынын алдында боз үй тигип, облустук администрациядан насыялардын «пайызы жогору болгондугунан» кредиттик компаниялардын жабылуусун талап кылышууда.

Ошондой эле алар ар кайсы райондордо нараазычылык акциясын өткөзүү менен 10-августтан баштап ачкачылык жарыялашкан. Анда кредиттик компаниялар ачкачылык жарыялоо жыйынтык бербейт дешкен.

Редактор: Айзат Шакиева