ИИМ менен Башкы прокуратура Салянова менен милиция кызматкерлеринин чырлашуусундагы бири-биринин аракеттерин иликтеп жатат

Терезе караңгылатууга каршы өткөрүлгөн рейд учурунда талап кылганда унааны токтотпогондугу үчүн милиция башкы прокурор Аида Салянованын жансакчыларынын иши боюнча тергөөнү баштады. Башкы прокуратура болсо милиция кызматкерлери куралдарын сууруп чыгып, өздөрү мыйзам бузган, деп айтып жатат.

Ички иштер министрлигинин тергөөсү 7-августта башталган – анда терезе караңгылатууга каршы өткөрүлгөн рейд учурунда биринчи талап боюнча башкы прокуратуранын унаасы токтобой койгондон улам чыр чыккан.

Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери унааны кууп жетип, табелдик курал менен дөңгөлөккө атканда гана ал токтогон — унаанын ичинде башкы прокурор менен анын сакчылары — прокуратура тарабынан имарат кайтаруу үчүн жалданып алынган милиция кызматкерлери болгон.

ИИМдин алдындагы коомдук байкоочу кеңештин башчысы Александр Лейтиндин айтымында, башкы прокурор менен бирге кетип бара жаткан анын сакчылары милициянын алгачкы талап кылуусунда эле унааны токтотпой, «мыйзамды бузушкан».

«Терезелери караңгылатылган жана «левый» номуру бар унаада кимдер кетип бара жаткандыгын ким билет? Кечирип койгула, ал жерде кылмышкерлер кетип жатышы мүмкүн болчу. Анын токтотуп коюшту, эмне болмок эле? Мыйзам бардыгы үчүн бирдей», — дейт Лейтин.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан Ички иштер министрлигинин маалыматын «жалган» деп атап, курал сууруп чыгып, жол көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери мыйзамды өздөрү бузган деп билдиришти — башкы прокуратура милиция кызматкерлерине карата 8-августта кылмыш ишин козгогон.

«Ал [милиция кызматкери] унааны колу менен же атайын таякча менен гана токтотуусу керек болчу, бирок эч качан пистолет менен эмес.  Бул деген ачыктан-ачык мыйзамдын бузулушу да», — дейт башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматынын өкүлү.

Милиция кызматкерлерине карата кылмыш ишинин козголгондугу тууралуу маалымат окуя болгондон бир жума өткөндөн кийин башкы прокуратуранын сайтында пайда болгон:

«[Милиция кызматкерлеринин], «А.Р.» башкарып бара жаткан унааны токтотууга жана аңдып жүрүүгө эч кандай негиздери жок болчу. Алар Кыргызстандын «Ички иштер органдары жөнүндөгү» мыйзамдын 15-беренесин бузуу менен өз ыйгарым укуктарынан ашырып мыйзамсыз табелдик куралды колдонушкан», — деп жазылган башкы көзөмөлдөөчү органдын сайтында.

Лейтин болсо өз кезегинде милиция кызматкерлери «мыйзам чегинде» аракет кылышкан, ал эми Салянова өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып аларга карата кылмыш ишин козгогон дейт.

16-августта Ички иштер министрлиги өзүнүн сайтына милиция кызматкерлери табелдик куралды колдоно ала турган учурлар көрсөтүлгөн «Ички иштер органдары жөнүндөгү» мыйзамдын үзүндүлөрүн жазган.

«1) Эгер айдоочу ички иштер органдарынын талаптарына баш ийбей, жарандардын ден соолугу менен өмүрүнө коркунуч жаратып жатса унааны токтотуу үчүн;
2) жаныбарлардын кол салуусунан коргонуу үчүн;
3) коркунуч сигналын берүү, жардамга чакыруу, ошондой эле эскертип атуу үчүн»

«Жеке сакчы»

Өз кезегинде Байкоочу кеңештин башчысы Саляновага сакчы «белгиленген эмес» дейт — айтымында, президент, премьер-министр, парламенттин жана Жогорку соттун төрагалары гана кайтаруугу алынуу укугуна ээ.

«Алар жарандык кийим кийип, унаада курал менен жүрбөстөн прокуратуранын имаратын кайтаруулары керек болчу», — дейт Лейтин.

Башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматы прокуратура сакчыларды Ички иштер министрлиги менен келишим түзүп жалдагандыгын билдирди — бирок ал башкы прокурор жеке сакчы белгиленген адамдардын тизмесине киргизилбегендигин моюнуна алды.

«Мыйзамда кимдин сакчысы жана жеке жансакчысы болушу керектиги жазылган. Кайсыл бир жеринде башкы прокурор [көрсөтүлгөн]… ал тизмеге киргизилген эмес. Бирок көпчүлүк депутаттардын жансакчылары бар го. Келишим боюнча аларды жалдаса болот да», — дейт басма сөз кызматынын өкүлү.

«Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, президент, премьер, спикер жана Жогорку соттун башчыларынан сырткары өлкө башчысынын үй-бүлө мүчөлөрү, Кыргызстанга келген чет өлкөлөрдүн башчылары сакчы ала алышат.

Ошондой эле сакчы президенттин ырастоосу менен кыргызстандыктарга берилиши мүмкүн.

Авторлор: Айшоола Айсаева жана Зарема Султанбекова

Редакторлор: Эльдияр Арыкбаев жана Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков