Атамбаев өкмөттү отставкага кетирди

Кыргызстандын президенти Өмүрбек Бабановдун өкмөтүнүн отставкасы жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Өкмөттүн жаңы курамы бекитилгенге чейин министрлер кабинетинин бардык мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууну улантат.

Өкмөттүн отставкага кетишинин себеби — «Ата Мекен» жана «Ар-Намыс» фракциялары парламенттеги «Биримдик» коалициясынын курамынан чыккандан кийин анын таркашы, деп жазылган президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Билдирүүдө ошондой эле премьер-министр, вице-премьер-министрлер жана өкмөттүн мүчөлөрү жаңы өкмөттүн курамы тандалганга чейин өз милдеттерин аткара тургандыктары жазылган.

Курамына КСДП, «Ар-Намыс», «Ата Мекен» жана «Республика» фракциялары кирген парламенттик коалиция 22-августта таркаган.

23-февралдагы өкмөттүн жыйынында премьер-министр Өмүрбек Бабанов парламенттик көпчүлүктүн таркагандыгын тааныды.

Ал келээрки башкаруучу коалиция учурдагы министрлер кабинетинин аткарган иштерин эске алат жана анын бардык мүчөлөрү өкмөттүн жаңы курамында иштейт, деп божомолдоду.

Коалиция таркагандан кийин үч күндүн ичинде президент парламенттеги факциялардын бирине жаңы башкаруучу коалициянын курамын түзүү укук берет.

Ал фракция 15 күндүн ичинде жаңы коалициянын курамын аныктап, премьер-министрликке талапкерди көрсөтүүсү керек, а парламент депутаттары болсо алардын тандалып алынышы үчүн добуштарын берет.

Андан кийинки он беш күндүн аралыгында өкмөт башчылыгына талапкер жаңы министрлер кабинетинин структурасын, курамын жана программасын көрсөтүшү керек.

Таркап кеткен «Биримдик» парламенттик коалициясы 2011-жылдын декабрында түзүлгөн, анын курмына «Ар-Намыс», «Ата Мекен», КСДП жана «Республика» фракциялары кирген.

Бул парламенттин бешинчи чакырылышы иштеп баштаган 2010-жылдын аягынан бери үчүнчү коалициянын таркашы. Курамына КСДП, «Республика» жана «Ата Мекен» кирген коалиция эки күн гана иштеген.

«Ата-Журт», «Республика» жана КСДП фракцияларынан турган экинчи коалиция Алмазбек Атамбаев президент болуп шайлангандан кийин, 2012-жылдын аягында таркаган.

Автор: Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков