Боом: Жүк унаасы сууга кулап кетип, эки кытай каза болду

25-августта Чүй облусу менен Ысык-Көл облусун бириктирип турган Боом капчыгайынан Чүй суусуна эки Кытайдын жараны менен жүк унаасы түшүп кеткен. Азырынча куткаруучулар алардын денелерин алып чыга элек.

25-августта эки кытай жүк унаасы менен Кытайдан Бишкекке 30 тонна эт алып келе жатышкан — алардын унаасы Боом капчыгайында оодарылып, Семенов көпүрөсүнөн түшүп кеткен.

Жүк унаасы Чүй суусуна 30-40 метрлик бийиктиктен кулап түшкөн — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 45 жаштагы Фа Шойин менен анын 25 жаштагы тууганы каза болушкан.

Куткаруу кызматынын Токмок бөлүмүнөн билдиришкендей, каза болгондор унаанын ичинде экендиги же аларды суу агызып кеткендиги белгисиз.

«Ал [жүк унаасы] чалкасынан жатат [...] Дөңгөлөктөрү гана көрүнүп, калган бөлүктөрү көрүнбөй эле», — деди куткаруу кызматынын командиринин милдетин аткаруучу Жакып Калиев.

Жүк унаасы сууда эки күндөн бери жатат — куткаруучуларда унааны алып чыгуу үчүн көтөрүп чыга турган кран жок, дейт Калиев.

«Бизде [Токмок куткаруучулар кызматынын кызматкерлеринде] кран кичинекей. Чоңураак кран керек [...] Бизге 70 тонналык кран керек [...] Кичинекей кран унааны алып чыгара албайт [...] Балдар Бишкектен кран алып келет деп айтып жатышат», — деди Калиев.

Чүй суусуна кулап кеткен унаа «Хунамкан» кытай компаниясына таандык — аты-жөнүн билдиргиси келбеген фирманын кызматкери андагы 30 тонна этти суу агызып кеткендигин айтты.

Ал унаа жолдогу начар көрүнүүдөн улам кулап кетиши мүмкүн деп болжолдоп жатат.

Боом капчыгайы аркылуу Бишкекти, Чүй облусун Ысык-Көл менен байланыштыра турган унаа жолу өтөт. Ал жол ошондой эле Кытайга бара турган жолго алып барат.

Автор: Алексей Ким

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков