«Кыргыз Жаштар Кеңешинин» активисттери алтын жана көмүр кендерин сатуу боюнча өткөрүлүп жаткан аукционду үзгүлтүккө учуратышты

Аукцион өтүп жаткан Коомдук биринчи каналдын имаратына «кыргыз жерлеринин сатылышына жол бербейбиз» деген кыйкырыктар менен 10 чакты киши кирип келип, аукционду үзгүлтүккө учуратышты. Уюштуруучулардын билдиргендерине караганда, аукцион белгисиз мөөнөткө чейин жылдырылды.

Жалпысынан 12 алтын жана көмүр кендерин сатуу боюнча аукционду Коомдук биринчи канал түз эфирде өткөрүп жаткан.

Телеканалдын студиясына аукционго катышуу тууралуу билдирмелерин жиберишкен компаниялардын өкүлдөрү чогулушкан.

Алып баруучу жаңы гана сүйлөп баштаганда залга 10 чакты киши «кыргыз жеринин сатылышына жол бербейбиз» деген кыйкырыктар менен кирип келишти.

«Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасынын билдирүүсү боюнча, «Кыргыз Жаштар Кенешинин» активисттери алып баруучудан микрофонду тартып алышып, аукционго катышып жаткан компаниялардын өкүлдөрү менен жаакташып башташкан.

«Клооптун» кабарчысы телеканалдын имаратынын алдында буга чейин кендердин сатылышына каршы болуп келген жаштар кыймылынын 50дөй өкүлү нааразычылыктарын билдирип жатышкандыктарын кабарлады.

Коомдук телерадиокорпорациясынын имаратынын алдында 20дай милиция кызматкери бар.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Касиет Карачолокова «Клоопко» билдиргендей, аукцион белгисиз мөөнөткө чейин жылдырылды.

Аукционго 12 алтын жана көмүр кендери коюлган.

Август айынын башында «Ата Мекен» фракциясынан депутат Жоомарт Сапарбаев өкмөт аукциондун жүрүшүндө «коррупциялык схемаларды» колдонгону жатат, деп билдирген. Бирок ал кайсы «коррупциялык» схемаларды колдонгону жаткандыгын тактап айткан эмес.

Авторлор: Бермет Момункулова жана Улугбек Акишев

Которгон: Илгиз Чалбараков