АКШда «соода борборун жардырам деп опузалагандыгы» үчүн кыргызстандык кармалды

Американын Айова штатындагы соода борборун жардырам деп опузалагандыгы үчүн Иллинойс штатында Адылбек Козубаев кармалды. 22 жаштагы кыргызстандык 31-августта федералдык сотко катышты.

Козубаев Айова штатынын Дэвенпорт шаарындагы соода борборун жардырам деп опузалап эки жолу телефон чалган, деп билдирет Федералдык тергөөлөрдүн бюросу (ФБР).

Болжол менен бул окуя Козубаев соода борборунун аймагында жайгашкан күркөнүн ижара акысы боюнча макулдаша албай калгандан кийин болгон.

Алгач 27-августта ал кышкы мезгилге күркөнү ижарага алуу канча болоорун билүү үчүн жашырылбаган номур аркылуу чалган.

Баасы эки айга 3500 АКШ доллары болоорун билдиришкен соң, ал соода борборунун башка бөлүмдөрү менен арзаныраак баага сүйлөшүүгө аракет кылган.

Эки жолу тең ал өзүнүн чыныгы атын айтып сүйлөшкөн, деп кабарлаган Федералдык тергөөлөрдүн бюросу.

Эй-би-си телеканалы Козубаев кошемир шарфтарын саткысы келген деп билдирет.

Эки күндөн кийин ошондой эле үн менен жашыруун номур аркылуу чалып, соода борбору жардырыла тургандыгын билдирген.

«Силер соода борборун 10 мүнөттүн ичинде тазалашыңар керек, антпесеңер бардыгы жарылат», — деп жазат «Чикаго Трибьюн» гезити Федералдык тергөөлөр бюросуна шилтеме жасап телефон чалган адамдын сөзүн кайталап.

15 мүнөттөн кийин ошол эле адам соода борбору менен кайра байланышып, кайра бардыгы жардырыла тургандыгын айтып опузалаган.

Бомба табылган жок

«Чикаго Трибьюн» бомба тууралуу кабарлаган адам телефон чалуу учурунда өзүнүн атын Адылбек деп атагандыгын билдирсе, Эн-би–си ал киши башка атты айткандыгын кабарлаган.

Соода борборунда жардыруучу заттар табылган эмес.

Козубаев Иллинойс штатындагы Стримвуд шаарында 31-августта кармалган. Ошол эле күнү федералдык сотто ага жардыруу менен опузалоо боюнча күнөө коюлган — бул кылмыш америка мыйзамында оор кылмыштардын катарына кирет.

«Федералдык тергөөлөрдүн бюросу Айовадан Иллинойско бараткан кишини шекшип жаткандыктарын айтышып, бизге эскертишкен», — дейт Эн-Би-Сиге берген маегинде Стримфуддун полиция шерифи Том Дарт.

«Аны аңдып жүрүп таап, колго түшүрүүбүз үчүн жетиштүү баяндоолорду беришкен. Биз менен бирге саперлордун тобу, иттер жана башкалар болгон. Бирок биз шектүү эч нерсе деле тапкан жокпуз», — деп улантты Дарт.

«Дэйли Хералд» гезити полиция кыргызстандыкка таандык «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унааны да текшергендигин, бирок эч нерсе таппагандыгын жазган.

5-сентябрда Козубаев баш коргоо чарасын белгилей турган соттук угууга катышат.

Америкалык ММКлар анын АКШда канча жашагандыгын жана ал жерде эмне менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалыматтарды билдирбей эле.

«Клооптун» кабарчылары «Фэйсбуктан» сырткы келбети Иллинойс штатында кармалган адамга окшош Адылбек Козубаев деген ат менен катталган адамдын профилин табышты.

Аталган профилдин маалыматына ылайык, Козубаев Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы 17-мектепти жана Бишкек шаарындагы Кыргызстандын Эл аралык университетин аяктаган.

Акыркы жолу ал өзүнүн баракчасына 2011-жылдын жайында билдирүү жазган.

Автор: Бектур Искендер

Которгон: Илгиз Чалбараков