Жаңы коалиция премьер-министрликке Сатыбалдиевди көрсөтөт

КСДП, «Ата Мекен» жана «Ар-Намыс» фракциялары түзө турган парламенттик коалиция премьер-министрликке социал-демократ Жантөрө Сатыбалдиевди көрсөтөт, деп билдирди КСДП фракциясынан депутат Эгемберди Эрматов.

Пландалып жаткан альянстын бардык үч фракциясы тең — КСДП, «Ата Мекен» жана «Ар-Намыс» — өкмөт башчысы катары президенттин аппаратынын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевди көрсөтөт, деди социал-демократтардан депутат Эгемберди Эрматов «Клооптун» журналисттерине.

«Коалицияга кирген бардык партиялар, алардын лидерлери аны колдоп жатышат», — деди Эрматов.

Оппозициялык «Ата-Журт» фракциясы премьер-министрликке өзүнүн талапкерин көрсөтүүнү пландабай эле, дейт аталган партиядан депутат Курманбек Осмонов.

«Бул маселе фракция жыйынында да талкууланган эмес», — деди ал.

Буга чейинки коалиция таркагандан кийин «Республика» фракциясынын оппозицияга кеткен депутаттары комментарий берүү үчүн жеткиликсиз болуп жатышат.

«Республика» партиясын коалиция таркагандан кийин премьер-министрликтен кеткен Өмүрбек Бабанов жетектейт.

Жаңы коалициянын түзүлгөндүгү тууралуу макулдашууга 3-сентябрда кол коюуу пландалып жаткандыгын эртең менен «Клоопко» берген маегинде КСДП депутаты Бактияр Кадыров билдирген.

«[Коалиция] чындыгында түзүлдү, бирок иш жүзүндө эмес. Азырынча негизги документтерге кол коюла элек. Бүгүн бардыгы белгилүү болот», — деди ал.

Буга чейинки коалиция ичиндеги чыр

Эгер фракциялар ортосунда коалициялык макулдашууга кол коюлса, анда альянсын курамында парламенттин 69 депутаты болот — КСДПдан 26, «Ар-Намыстан» 25 жана «Ата Мекенден» 18.

Жалпысынан парламенте 120 депутат бар — Жогорку Кеңеште коалиция түзүү үчүн альянстын курамына парламентарийлердин 50 пайыздан көбү кириши керек.

Буга чейинки «Биримдик» коалициясынын курамына КСДП, «Республика», «Ата Мекен» жана «Ар-Намыс» фракциялары кирген.

Ал 22-августта курамынан «Ар-Намыс» жана «Ата Мекен» фракциялары чыккандан кийин таркаган. Коалициянын акыркы күндөрү аталган фракциялар менен «республикачылардын» ортосундагы мамиле бузулуп кеткен.

«Ата Мекен» премьер-министр жана «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду 1 миллион АКШ долларына бааланган аргымакты пара катары алган, бул үчүн ал Бишкектин жанындагы «Манас» аэропортуна жаңы, 12 миллион АКШ долларына бааланган аэронавигациялык мунара курууга уруксат берген, деп күнөөлөгөн.

Өз кезегинде «Республика» «Ата Мекендин» лидерлерин 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Бишкек шаарындагы талап-тоноочулукту уюштурууга тиешеси бар деп күнөөлөгөн.

Автор: Жыргал Таалайбеков

Которгон: Илгиз Чалбараков