Тез жардам унаасын сүзүп кеткен милиция кызматкери кызматынан бошотулду

ИИМ милиция кызматкери тез жардам унаасын сүзүп кеткен окуя боюнча тергөөнү аяктады, окуя 18-августта Бишкектин борборунда болгон. Аны кызматынан кетирүү чечими кабыл алынды. Президент унааны калыбына келтирүү үчүн 500 миң сом бөлүп берди.

Ички иштер министрлигинин ички коопсуздук кызматы тез жардам унаасы менен Улан Сыдыков башкарып бара жаткан унаанын кагылышуусун изилдеп, тергөө иштерин жүргүзгөн – Сыдыков Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкери болгон.

ИИМдегилер аны ээлеген кызматынан бошотуу чечимин кабыл алышты, ал эми анын Кыргызстандын ички иштер органдарындагы мындан аркы иштеши тууралуу маселе азырынча каралган жок.

Бишкек шаарынын Тез жардам станциясынын башкы дарыгери Гүлнара Ташыбекова «Клоопко» берген маегинде Сыдыков окуя боло электе эле — 17-августта өз каалоосу менен кызматтан кеткени жаткандыгын айтты.

Сыдыковдун жолдоштору окуя болгонго чейин алар менен бирге жүргөндө ал соо болгондугун Ташыбековага билдиришкен.

30-августта соттук-медициналык экспертиза окуя болгон учурда Сыдыков соо болгон деген чечим чыгарган.

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев тез жардам унаасын калыбына келтирүү үчүн өз фондунан 500 миң сом бөлүп берди, деп билдирди президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Атамбаев ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге Сыдыковго карата тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасын берген.

18-августта жетинчи кардиологиялык топ оор абалдагы бейтапты №1 шаардык ооруканага алып бара жаткан, кайрылыштан Сыдыков башкарып келе жаткан «БМВ» үлгүсүндөгү унаа келип аларды сүзгөн.

Тез жардам унаасы жол жээгиндеги бакка барып сүзүлгөн — кардиологдун билеги сынып, фельдшердин денеси көгөрсө бейтап эч нерсе болгон эмес.

Иштин материалдары андан аркы тергөө үчүн Бишкек шаардык прокуратурасына жөнөтүлдү — ал жактагылар тергөөнүн сыры деп, комментарий берүүдөн баш тартышты.

Автор: Жыргал Таалайбеков

Редактор: Зарема Султанбекова

Которгон: Илгиз Чалбараков