Apple 12-сентябрда iPhone жаңы үлгүсүн коомчулукка сунуштайт

Apple өз колдонуучуларына 12-сентябрда жаңы iPhone үлгүсүн жалпы коомчулукка алып чыга тургандыгын кыйытты — болжол менен сыр катары жашырып жаткан жаңы үлгүсү iPhone 5 деп аталат.

Apple журналисттерге 12 деген сүрөттөлүшү бар, бирок анын көлөкөсү 5 санына айланган сүрөт таркаткан.

Болжолдуу түрдө уюлдук телефондун жаңы үлгүсү iPhone 5 деп аталат, а анын бет ачары 12-сентябрга белгиленген.

Бет ачары Сан-Францисконун Йерба-Буэна искусство борборунда болот, деп билдирет Би-Би-Си.

Иш-чара Бишкек убактысы боюнча 23:00дө башталат.

Apple салтуу түрдө уюлдук телефондун жаңы үлгүсү тууралуу башка маалымат билдирген жок.

Интернет тармактарында телефондун жаңы үлгүсүнүн түзүлүшү жана курамы тууралуу көптөгөн ушактар жүрөт, бирок компания аларга азырынча эч кандай комментарий бербей эле.

Жаңы iPhone атаандаштары

Буга чейин Apple компаниясынын атаандаштары — Samsung менен Nokia — өздөрүнүн телефондорунун флагмандык үлгүлөрүн көрсөтүшкөн: Samsung — май айынын башында, Nokia — сентябрдын башында.

Орусиялык «Вести» маалымат агенттиги кореялыктардын 100 күндүн ичинде 20 миллион телефон сатканга жетишкендигин эске алып, Samsung — Galaxy S IIIтү «абдан ийгиликтүү» деп атады.

Бирок «Вести» Nokia компаниясынын жаңы үлгүдөгү телефондору -  Windows Phone 8 — Lumia 820 жана 920ларды мактаган жок, агенттик аларды «анча таасир калтыра албаган» үлгү катары баалады.

Бирок маалыматтык технологиялык «Хабрахабр» сайтынын колдонуучулары Nokia үлгүсүндөгү жаңы телефондордун зымсыз заряддык каражаттары жана камерасынын жакшыргандыгын айтып, ал жөнүндө жакшы пикирлерин билдирип жатышат.

Компаниянын башка атаандашы — тайвандык HTC смартфондорунун бет ачарын 19-сентябрга белгилеген – ал Windows Phone 8 платформасындагы телефонду алып чыкканы жатат.

Apple азырынча жаңы смартфондордун мүнөздөмөлөрү тууралуу кенен маалымат тарата элек.

Которгон: Илгиз Чалбараков