Милиция интернеттеги «экстремисттик» сайттарды тосмолоону сунуштап жатат

Ички иштер министрлиги «экстремисттик» мүнөздөгү маалыматтары бар сайттарды тосмолоону сунуштоодо. Мекеме өзү бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. «Клооп» тарабынан сурамжыланган укук коргоочулар мыйзам долбоору сөз эркиндигин бузат деп эсептеп жатышат.

Мыйзам долбоорунун негиздеме маалымкатында Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев түшүндүргөндөй, эгер сайттардын серверлери Кыргызстандын сыртында жайгашкан болсо азыр мамлекет аларды «тосмолой албайт».

«Интернетте экстремисттик материалдарды таркаткан адамдарды аныктап, аларды жоопкерчиликке тартуу үчүн жүргүзүлө турган ыкчам-иликтөө жана башка иш-чараларды өткөрүүдө тоскоолдуктар пайда болот», – деп жазылган негиздемеде.

ИИМ мыйзам долбоорун парламент жактырганга чейин ал боюнча комментарий берүүдөн баш тартты, документтер добуш берүү үчүн депутаттардын кароосуна жөнөтүлгөн.

КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина аталган мыйзам долбоорун Кыргызстанга «керек» деп эсптейт — анын пикиринде, бул нормативдик акт интернет колдонуучуларды коргойт.

«Жеке эле Кыргызстан эмес бардык мамлекеттер өз жарандарын экстремисттик маалыматтардан коргоо үчүн чараларды көрүүлөрү керек», – дейт эл өкүлү.

«Бизде көптөгөн диний уюмдар иш алып барат, экстремизм менен конкреттүү түрдө алектениш керек», – дейт «Республика» фракциясынан депутат Максат Сабиров.

Медиа-серепчи Игорь Шестаков бул мыйзам долбоору сөз эркиндигин бузат деп эсептейт.

«Менин түшүнгөнүм боюнча, өкмөттө да, укук коргоо органдарында да серепчилер жок. Ошондуктан мындай чаралар көз карандысыз ММКларга басым көрсөтүү үчүн сөз эркиндигине каршы колдонулушу мүмкүн», – дейт Шестаков.

Шестаков мыйзам долбоору кандай таасир этиши мүмкүн экендигин 2012-жылдын февралында тосмолонгон орусиялык сайттын мисалында түшүндүрдү.

«Бизге үлгү боло турган окуя «Фергана.ру» сайты тосмолонгондо болгон. «Фергана.ру» тосмолонушу керектигин далилдей турган конкреттүү негиздерди көрсөтүшкөн эмес», – дейт серепчи.

Укук коргоочу Дмитрий Кабак алгач мамлекет «экстремизм» эмне экендигин так түшүндүрүп, аныктама бериши керек деп эсептейт.

«Экстремизм эмне экендигин так түшүндүрчү аныктама болбогондон кийин мыйзамсыз, негизделбеген чараларга биздин ар кимибиз, ал эмес сайт ээлери да туш келип калышы мүмкүн», – деп эсептейт Кабак.

Редактор: Александра Ли

Которгон: Илгиз Чалбараков