«Дордойдун» башкы машыктыруучусу Кыргызстандын футбол боюнча курама командасын жетектейт

Бишкектин «Дордой» клубунун башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын жетектеп калды. Машыктыруучу менен футбол федерациясынын ортосунда бир жылга келишим түзүлдү.

Сергей Дворянков 14-сентябрда футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу кызматына дайындалды, деп билдирет Кыргызстандын футбол Федерациясынын аткаруу комитети.

Дворянков буга чейин Кыргызстандын жаштар арасындагы футбол боюнча курама командасы менен улуттук курама команданы бир убакта жетектеп келген Мурат Жумакеевдин ордуна барды.

Футбол тармагында иштөө жана кайсыл гана өлкөнүн курама командасы болбосун аны жетектөөгө каалоом бар — бул өтө жоопкерчиликтүү», — деди улуттук курама команданын жаңы машыктыруучусу анын дайындалуусуна арналган басма сөз жыйынында.

Дворянков беш жыл бою Бишкектин «Дордой» клубун машыктырып келген — ал клубдун башкы машыктыруучусу кызматынан кетпейт, эки кызматты бирдей аркалайт.

Жаңы машыктыруучунун жетекчилиги астында Кыргызстан курама командасы алгачкы оюнун 2012-жылдын 24-сентябрында Душанбе шаарында, Футболдун Азия конфедерациясынын финалдык бөлүгүндө өткөрөт.

Кыргызстандын футбол командасы акыркы оюнун 2012-жылдын июнунда Алматы шаарында өткөргөн, анда Казакстан курама командасы менен беттешип 2:5 эсебинде жеңилген.

Кыргызстандын улуттук курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын дүйнөлүк рейтингинде 197-орунда турат.

Автор: Карина Жолдошева жана Гүлжан Турдубаева

Которгон: Илгиз Чалбараков