Орусияда «Эхо Москвы» радиосунун журналистине кол салгандыгы үчүн Кыргыстандын жараны кармалды

Кыргызстандын жараны үстүбүздөгү жылдын май айынын аягында «Эхо Москвы» жана «Маяк» радиостанцияларынын алып баруучусу Сергей Асланянды бирөөнүн буйругу менен өлтүрүүгө аракет кылган, деп шектелип жатат. Кармалган кыргызстандык кол салгандыгын моюунуна алды, деп билдирди Орусия полициясы.

Асланянга 28-май күнү түн ичинде үйүнүн тепкич аянтынан кол салышкан — анын 15тей жерине бычак сайылып, көптөгөн жараттарды алган.

«Менин үй телефонума саат 23:15терде чалышты. Мен тепкич аянтына чыгып анда турган эркек кишини көрдүм. Сырткы келбети боюнча ал татарга окшош болчу. Качан мен ага жакындаганда ал мени көздөй бычак менен жулунуп, «Сен — Аллахтын душманысың!», деп кыйкырып кол салды», — деп жазат «Lifenews» агенттиги алып баруучунун сөзүн.

Журналист кол салууну өзүнүн 14-майда «Маяк» радиостанциясынын эфиринде Мухаммед пайгамбар тууралуу «этиятсыз айтып алган сөзү» менен байланыштырды.

ИИМдин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кол салган адам 21 жаштагы кыргызстандык бала экендигин билдирди. Билдирүүгө ылайык, кол салуудан кийин ал жайы бою Кыргызстанда жашырынып жүргөн.

«Жакынкы эле күндөрү жашыруун агенттер шектелип жаткан адам жеке иштери менен Челябинск облусуна келгендиги тууралуу маалымат алышкан. Өткөн дем алыш күндөрү ал Москва кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Кармалган адам моюнуна алгандай, жабыр тарткан адамдын дареги менен телефон номурун ал интернет тармактарынан тапкан», — деп жазылган Москва шаардык милициясынын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

«Lifenews» агенттигинин маалыматы боюнча, Асланянга кол салуу боюнча кылмыш иши Орусия Федерациясынын Кылмыш кодексинин 111-беренесине (денеге оор жараттарды келтирүү) ылайык тергелип жатат. Бирок ишти «өлтүрүү үчүн кол салуу» беренесине өзгөртүп коюуулары мүмкүн.

Автор: Аскар Акталов