Акча «уурдагандыгы» үчүн издөөдө жүргөн жол оңдоо компаниясынын мурунку директору кармалды

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери 27-сентябрда жол оңдоо үчүн «жогорулатылган» баада кара чайыр сатып алган деп күнөөлөнүп, издөөдө жүргөн компания директорун колго түшүрүштү. Бул иш боюнча тергөө иштери кайрадан башталды.

Аты-жөнү айтылбай аткан жол оңдоо компаниясынын мурунку башчысы 2010-жылдан бери милициядан жашырынып жүргөн — аны 27-сентябрда Бишкек шаарынан колго түшүрүштү, деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал 2008-жылы компания директору болуп турганда Баткен-Аксай унаа жолун оңдоо үчүн Өзбекстандан «жогорулатылган баада» кара чайыр сатып алган — экс-директор бир миллион сомдон ашык каражатты «өздүк кылып алып», оңдоо иштерин аягына чейин чыгарбай качып кеткен.

Башкы прокуратура компаниянын мурунку директоруна карата кылмыш ишин 2010-жылы козгогон.

Басма сөз кызматы тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн деп мурунку директордун аты-жөнүн билдирүүдөн баш тартты.

Ал учурда Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө абагында камакта. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Айгүл Давлетбаева «Клоопко» берген маегинде кармалган адамдын тергөө абагында экендигин ырастады.

Давлетбаева кармалгандардын жактоочуларынын байланыш даректерин берүүдөн баш тартты.

Автор: Атамбаев Нурмухаммед

Редактор: Александра Ли