«Кыз ала качкан» бала алты жылга эркинен ажыратылды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук соту кызды күчкө салып ала качып кеткен баланы алты жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды — кыз бир күндөн кийин асылып өлгөн.

Шаимбек Иманкулов Ырыс Касымбай кызын «ала качууга» жана «зордуктоого» күнөөлөнгөн — алып качкандан кийин кыз өзүн өзү өлтүргөн.

Акыйкатчынын сайтында жазылгандай, 1-октябрда Ак-Суу райондук соту Иманкуловду катуу тартиптеги абакка алты жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды.

«Кыз ала качуу боюнча — бул белгилүү бир ийгиликке жетишкен биринчи соттук чечим», — деп жазылган сайтта.

Буга чейин Иманкуловдун жактоочусу Алишер Бектуров «Клоопко» берген маегинде айыптоолордун бардыгын четке каккан — коргоочу тараптын версиясы боюнча, Касымбай кызы өз каалоосу менен турмушка чыгып, өз каалоосу менен жыныстык катнашка барган.

Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын жашоочусу Касымбай кызын 8-июнда ала качып кетишкен — кыздын ата-энеси ошол эле күнү аны «күйөө баласынын» үйүнөн алып кетип калган.

«Кыз түнү бою тагдыры талкаланып, туугандарынын алдында уят болгондугун жана мындан ары кантип жашай тургандыгы жөнүндө айтып, ыйлап чыккан», — деп жазылган өлкөнүн башкы укук коргоочусунун сайтында.

Эртеси эртең менен Касымбай кызын асылып турган жеринен табышып, милицияга билдиришкен.

Автор: Зарема Султанбекова