Ошто жамгыр жааганда ичүүчү сууну токтотпоо үчүн түтүк орнотулат

Жамгыр жааганда шаардыктар колдонуп келген ичүүчү суу булгангандыктан шаар бийлиги убактылуу сууну токтотуп келген. Бул маселени жокко чыгаруу үчүн суу башкармалыгы атайын долбоор иштеп чыкты. Алардын маалыматында, каражат бөлүнсө бул долбоор жылдын аягына чейин ишке ашат.

Жамгырдан булганган суу кошулбашы үчүн Папан суу сактагычынан Ак-Буура дарыясына чейин 5 жарым чакырым узундуктагы атайын түтүк орнотулат.

Ош шаардык таза суу башкармалыгынын башчысынын орун басары Талант Байкишиев «Клоопко» берген маегинде, жамгыр жааганда булганыч сууну тазолоого мүмкүнчүлүк жоктугунан ичүүчү суу шаардыктага токтотулуп келгенин айтты.

«Жамгыр жааганада бир арык кызыл топурактан турат, ал бүт сууну булгайт. Булганыч көбөйүп кетет. Бизде норма бар да, ошонун негизинде гана [суу] беребиз. Миңдеген эсе [суудагы кир] нормадан жогору болгондо биз сууну токтотобуз. Эки тоодон суу түшөт ошондон түтүктү алып өтүп коёбуз [...]. Ошондо бизге таза суу келет»,–деди Байкишиев

Бул долбоор Дүйнөлүк банкы менен «Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосу» [ ARIS ] тарабынан каржыланып жатат. Долбоордун бюджети азырынча белгисиз.

Мындан тышкары «Азия өнүктүрүү банкы», Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүчү мамлекеттик дирекция биргеликте ичүүчү суууну тазалоо долбоорун ишке ашырып жатат.

Ош шаарынын жашоочуларына Ак-Бууранын суусун ичүү үчүн атайын станция аркылуу тазалап беришет.

Байкишиевдин маалыматында, КМШга кирген мамлекеттердин ичинен Ош жана Баку шаарында гана ачык сууну ичүү үчүн пайдаланылат.

Автор: Аксаамай Орозбекова