Кыргыз режиссерунун тасмасы «Оскарга» ат салышышы мүмкүн

Кыргыз режиссеру Нурбек Эгендин «Ээнсиреген үй» тасмасы «Оскар» сыйлыгынын «2012-жылдын чет тилиндеги эң жакшы тасмасы» номинациясына талапкер болгон тасмалардын болжолдуу тизмесине киргизилди.

Америкалык киноакадемиянын расмий сайтына жыл сайын тапшырыла турган дүйнөнүн негизги киносыйлыгы - «Оскарга» талапкер болгон тасмалардын болжолдуу тизмеси жарыяланды.

«2012-жылдын чет тилиндеги эң жакшы тасмасы» деп аталууга ат салыша турган тасмалардын арасында Нурбек Эгендин «Ээнсиреген үйү» да бар.

Кыргыз тасмасына дүйнө өлкөлөрүнөн дагы 70 кино атаандаш болот.

Азырынча комментарий алууга Эген жеткиликсиз болуп жатат.

85-сыйлык тапшыруу аземи 2013-жылдын 10-январында Лос-Анджелес шаарында өтөт.

«Ээнсиреген үй» тасмасы 2012-жылы тартылган — анда кыргыз айылынан жакшы жашоо издеп Москва шаарына барган кыздын тарыхы жөнүндө айтылат.

Тасма каарманы Орусия борборунда бир топ азап тартат, андан кийин Францияга барып ал жерден өз бактысы үчүн күрөшөт.

Автор: Зарема Султанбекова