БШК катасы үчүн кечирим сурап, «Асман Ала-Тоо» партиясын шаардык кеңешке талапкер катары каттоодон өткөрдү

16-октябрда эртең менен Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында «Асман Ала-Тоо» партиясы Бишкек шаардык кеңешин шайлоого катышуу үчүн керектүү документтерди алып келген жок, деген билдирүү пайда болгон. БШКнын басма сөз кызматы ката кетип калгандыгын жана «Асман Ала-Тоо» партиясынын талапкерлери ийгиликтүү каттоодон өткөндүгүн билдирди.

16-октябрда эртең менен БШКнын сайтында «Асман Ала-Тоо» жана «Ыйман Нуру» партиялары керектүү документтерди алып келген жок жана 25-ноябрда өтө турган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышпайт, деген билдирүү пайда болгон.

БШКнын басма сөз кызматы ката Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кетирилгендигин Kloop.kgге билдирди. Партиядан расмий кечирим сурашты.

«Асман Ала-Тоо» партиясынын теңтөрагасы Бекболот Бекиев партиянын шайлоого «катышпай калгандыгын» ММКлар аркылуу уккандыктарын Kloop.kgге айтты.

«Биз басма сөз кызматына [БШКнын] чалдык, басма сөз кызматы болсо Бишкек шаары боюнча аймактык шайлоо комиссиясына [АШКга] таянып жатат, а АШК болсо андай маалымат берген эмеспиз деп ишендирүүгө аракет кылды. БШКда жана анын структурасында кандайдыр бир техникалык ката, жаңылыштык кеткен», — деди Бекиев.

2012-жылдын жайында негизделген «Асман Ала-Тоо» партиясы Бишкек шаардык кеңешине 73 талапкерин көрсөткөн.

Эми БШКнын сайтында шайлоого «Ыйман Нуру» жана «Кыргызстандын элдик республикалык партиясы» катышпайт деген билдирүү пайда болду.

25 шаардык жана 416 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо 25-ноябрда болот.

Буга чейинки Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2008-жылдын октябрында болгон — анда шаардык кеңештин 44 депутаты шайланган. Жалпысынан ал орундарга 377 талапкер ат салышкан.

Автор: Зарема Султанбекова