Депутаттар ала качуу үчүн жазаны катуулатуу тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырышты

Парламент кыздын каалоосуна каршы ала качуу үчүн жазаны катуулатуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Мыйзам долбоору үчүнчү окуудан жактырылып, президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Добуш берген 75 депутаттын 63ү ала качуу үчүн жазаны катуулатууну колдошту, деп билдирди мыйзам долбоорунун демилгечиси, «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева Kloop.kgге.

Мыйзам долбоору өз ичине Кыргызстандын Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камтыйт — ага ылайык, ала качуу үчүн колдонулуп келген үч жылга эркинен ажыратуу мөөнөтү жети жылга чейин узартылат.

Мыйзам долбоору өз күчүнө кириши үчүн үчүнчү окууда жактырылып, эки комитеттен каралышы керек, андан соң ага президенттин кол коюуусу зарыл, деп түшүндүрдү Алтыбаева.

18-октябрда эртең менен аялзатынын укуктарын коргогон уюмдар мыйзам долбоорун колдоп Ак үйдүн имаратынын алдында акция уюштурушкан — активисттер баштарына «Замбулуксуз үй-бүлөнү каалайм», «Ким менен болууну өзүм чечким келет» деген жазуулары бар баштыктарды кийип алышкан.

Укук коргоочулар депутаттарды мыйзам долбоорун колдоого чакырышкан.

Анда жазаны катуулатуу боюнча Kloop.kg тарабынан сурамжыланган депутаттар түрдүү пикирлерин айтышкан — кээ бири мыйзам долбоорунун зарылдыгын белгилесе, башкалары тескерисинче, ала качуу кыргыздын байыркы салты экендигин айтышкан.

Кыргызстанда ала качуу үчүн эң узак мөөнөткө - алты жылга октябрдын башында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук соту тарабынан район жашоочусу соттолгон.

Автор: Шахида Дүйшеева

Редактор: Зарема Султанбекова