Укук коргоочу: ажылыкка даярданып жаткан зыяратчылар эмдөөдөн улам каза болушкан

Ажылыкка даярданып жаткан төрт киши Сауд Аравиясына кирүү үчүн сөзсүз керек болгон эмдөөнү алгандан кийин каза болушкан, дейт укук коргоочу Изатулло Рахматуллаев. Саламаттык сактоо министрлиги бул окуя боюнча эч нерсе билбейт.

«Мыйзам жана тартип» укук коргоо борборунун директору Изатулло Рахматуллаев Kloop.kgге берген маегинде муфтияттын милдеттүү түрдө жасалышы керек болгон эмдөөсүнөн кийин Ош облусунда төрт киши каза болгондугун билдирди: экөө Өзгөн районунда, бирөө Ноокат жана дагы бирөө Кара-Суу районунда.

Каза болгондордун дарты бирдей болгон — тарамыштары тырышып, денесинин температуралары жогорулаган, дейт укук коргоочу.

Ал каза болгондордун туугандары прокуратурага арыз жазуудан баш тартып жаткандыктарын айтты. Анын пикиринде, дин башкармалыгын өкүлдөрү каза болгондордун туугандарын «психологиялык жактан даярдап койгон».

«Ажылыкка бара жатканда, же ал жакта жүргөндө каза болгон адамдын бардык күнөөлөрү кечирилет, ал бейишке барат. Эми туугандары арыз жазгылары келбей, каза болгондуктарынын себептерин аныктоо үчүн денелерин кайра каздырбай жатат», – деп эсептейт Рахматуллаев.

Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидмиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн жетекчиси Зуридин Нурматов Kloop.kgге берген маегинде бул окуя тууралуу маалыматы жок экендигин билдирди.

«Ийне сайгандан кийинки өлүмдү мындай коелу, кандай гана кошумча оору же реакция пайда болбосун ал медициналык китепчелерге катталат да санитардык-эпидемиологиялык бөлүмдөргө кабарланат. Бизге расмий түрдө андай маалымат келген жок», – деди Нурматов.

Ош облусунун прокурорунун орун басары Бакыт Сыргаков каза болгондордун бири Хабиба Сирдамисханованын каза болушунун себебин аныктоого мүмкүн болгон жок – туугандары арыз жазуудан баш тартышты, деди.

Сыргаков кошумчалагандай, эмдөө алганга чейин Сирдамисханова эки жолу инсультту башынан өткөргөн. Ал аялдын эмдөөдөн улам каза болгондугу күмөндүү деп эсептейт.

Ош облусу боюнча 800дөн ашык киши эмделген, деп кошумчалады прокурордун орун басары.

Муфтияттын басма сөз катчысы Эсен Өмүракунов Kloop.kgге берген маегинде Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгына ажылыкка даярданып жаткан бир адамдын каза болгондугу гана белгилүү экендигин айтты.

«Менин колумда ажылыкка бара албай калган эки кишинин гана документи бар - 56 жаштагы Мадумаров Абдулрашиддики, ал ажылыкка барганга чейин каза болуп калган, ошондой эле 40 жаштагы Абасова Ражакандыкы, ал ооруп калгандыгына байланыштуу барбай калган», – дейт Өмүракунов.

Муфтият ажылыкка бара албай калган адамдардын виза сатып алган акчаларын туугандарына кайра кайтарып берди, деп кошумчалады басма сөз катчы.

Мечитте эмдешкен

Эмдөөдөн кийин ооруп калгандардын бири, Сирдамисханованын жолдошу ажылыкка чогулгандардын бардыгын Кара-Суунун борбордук мечитине алып келип «ден соолуктарынын абалын эске албастан» эмдөөдөн өткөргөндүктөрүн Рахматуллаевге айткан.

Укук коргоочунун пикиринде, бейтаптардын абалынын начарлашына эмдөө жүргүзүлгөн шарт себеп болгон болушу мүмкүн.

Ош облусунун прокурорунун орун басары эмдөө мечитте жүргүзүлгөндүгү боюнча фактыны ырастады.

«Мектепте деле эмдеп жатышпайбы», — дейт Сыргаков.

Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы да эмдөөнү сөзсүз эле ооруканаларда жүргүзүү керек эмес деп эсептейт.

«Эмдөөнү мектептерде же класстык бөлмөлөрдө деле жасашат – ооруканада гана эмдеш керек деген талап жок. Спирт сүйкөп туруп укол сая беришет. Эгер ийне бир эле жолу колдонуу үчүн болсо, суроо жок бардык маселе чечилет», — деди Өмүракунов.

Эмдөө сөзсүз түрдө керектүү процедура эмес, деп кошумчалады басма сөз катчы.

«Андай талап жок, алары жок деле болот. Эмдөөсүз виза бербейт же Сауд Аравиясынын аймагына киргизилбейт деген эреже жок да», – деди Өмүракунов.

Автор: Айкөл Болотбекова

Редактор: Александра Ли