Зыяратчыларды эмдөө «мыйзамсыз» жүргүзүлгөн

Башкы прокуратура тарабынан Меккеге ажылыкка бара жаткан зыяратчыларды мыйзамсыз эмдөөдөн өткөргөн деп жеке ишкер шектелип жатат. Укук коргоочу Изатулло Рахматуллаевдин айтымында, эмдөөдөн улам төрт адам каза болгон.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, зыяратчыларды эмдөөдөн өткөрүүнү уюштурган ишкердин жеке медициналык практика менен алектенүүгө лицензиясы болгон эмес.

Тергөөнүн версиясы боюнча, ишкер Кыргызстандын мечиттеринде үч миңден ашык зыяратчыга акылуу эмдөөлөрдү жүргүзгөн.

Ишкер өлкөнүн башкы көзөмөлдөөчү органы тарабынан Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, республикалык иммунитетти алдын алуу борборунун гербдик мөөрү басылган алдын алуучу эмдөөлөрдүн беш миң нуска сертификатын даярдаган деп шектеп жатат.

Башкы прокуратура мүлктүк зыян келтирүү, мыйзамсыз ишкердик жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча кылмыш ишин козгоду.

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык бөлүмүнүн жетекчиси Зуридин Нурматов Kloop.kgге берген маегинде аталган ишкердин лицензиясы жок экендигин билген эмесмин деди.

«Ал [жеке ишкер] лицензиясы бар экендигин айткан. Биз толук текшере алган жокпуз, анткени бизде билдирүү жок. Медициналык борборду текшерүү үчүн биз Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин билдирүүсүн алышыбыз керек. Ал документтерим бар деген, демек алдап коюптур да», – деди Нурматов.

Бөлүм башчысы мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык бөлүмү жеке ооруканаларды жылына бир гана жолу текшерүүгө укуктуу экендигин кошумчалады.

Алдын алуу эмдөөлөрдүн сертификаты — бул конкреттүү бир адамдын эмделишинин процесси жазыла турган документ. Анда бейтап тууралуу толук маалымат, эмдөөнүн сериясы, эмдөө жүргүзгөн дарыгердин аты-жөнү жана айы менен күнү жазылат.

Сауд Аравиясынын талаптарына ылайык, Меккеге бара турган зыяратчылар сезондук сасык тумоонун вирустары менен менингит оорусуна каршы эмдөөдөн өтүүлөрү керек.

21-сентябрда Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги санитардык-эпидемиологиялык мамлекеттик кызматы менен облустук үй-бүлөлүк медицина борборлорунун директорлоруна зыяратчылар үчүн эмдөөнү уюштурууну тапшырган.

Зыяратчылар эмдөөдөн улам каза болушкан

«Мыйзам жана тартип» укук коргоо борборунун директору Изатулло Рахматуллаев Kloop.kgге берген маегинде муфтияттын милдеттүү түрдө жасалышы керек болгон эмдөөсүнөн кийин Ош облусунда төрт киши каза болгондугун билдирген: экөө Өзгөн районунда, бирөө Ноокат жана дагы бирөө Кара-Суу районунда.

Каза болгондордун дарты бирдей болгон — тарамыштары тырышып, денесинин температуралары жогорулаган, дейт укук коргоочу.

Ал каза болгондордун туугандары прокуратурага арыз жазуудан баш тартып жаткандыктарын айтты. Анын пикиринде, дин башкармалыгынын өкүлдөрү каза болгондордун туугандарын «психологиялык жактан даярдап койгон».

«Ажылыкка бара жатканда, же ал жакта жүргөндө каза болгон адамдын бардык күнөөлөрү кечирилет, ал бейишке барат. Эми туугандары арыз жазгылары келбей, каза болгондуктарынын себептерин аныктоо үчүн денелерин кайра каздырбай жатат», – деп эсептейт Рахматуллаев.

Эмдөөдөн кийин ооруп калгандардын бири ажылыкка чогулгандардын бардыгын Кара-Суунун борбордук мечитине алып келип «ден соолуктарынын абалын эске албастан» эмдөөдөн өткөргөндүктөрүн айткан.

Укук коргоочунун пикири боюнча, бейтаптардын абалынын начарлашына эмдөө жүргүзүлгөн шарт себеп болгон болушу мүмкүн.

Нурматов Kloop.kgге берген маегинде бул тууралуу кабардар эмес экендигин билдирген.

Автор: Айкөл Болотбекова

Редактор: Александра Ли