Өкмөт бала кезинен бери майып адамдарга төлөнүүчү жөлөкпулду миң сомго көбөйттү

Учурда бала кезинен бери I топтогу майып адамдар айына 2 миң сом, II топтогу майыптар — 1,5 миң сом, III топтогулар — 1 миң сом алышат. 2012-жылдын 1-декабрынан баштап алардын жөлөкпулуна миң сомдон кошулат.

2012-жылдын 1-декабрынан баштап бала кезинен бери I топтогу майыптар айына 3 миң сом, II топтогулар — 2,5 миң сом жана III топтогулар — 2 миң сом алып башташат — мындай токтомго Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев 18-октябрда кол койду.

Токтом майыптарды социалдык жактан коргоонун деңгээлин жогорулатуу үчүн кабыл алынды, деп жазылган өкмөттүн сайтында.

«Келечек+» коомдук фондусунун долбоорлорунун менеджери Азат Исраилов майыптарга төлөнүүчү жөлөкпул эң төмөнкү тиричилик каражатынан эки эсе көп болуп, 200 АКШ долларынын тегерегинде болушу керек деп эсептейт.

Исраиловдун айтымында, анын уюмуна кайрылган мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар төлөмдөрдүн бул сыяктуу жогорулоосу анча деле сезилбей тургандыгын айтып, жумуш таап берүүнү суранышат.

Исраилов kloop.kgге билдиргендей, эреже катары майып балдардын ата-энелерине балдарын кароого туура келип, алар иштебейт - жыйынтыгында, жөлөкпул бир нече кишиге бөлүнгөндөй болуп калат.

Мамлекет социалдык төлөмдөрдү жогорулаткандан сырткары жеткирилип жаткан дарылардын жана майыптарды реабилитациялоонун сапатын жогорулатуу боюнча иштерди да аткарышы керек, дейт Исраилов.

«Бюджеттин ири таңкыстыгына карабай ушундай кадамга барган бийликтегилерге, чиновниктерге рахмат. Бул Бишкек шаардык кеңешин шайлоонун алдындагы кадам болсо керек», — деп эсептейт ал.

Автор: Зарема Султанбекова