Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин теледебаты 13-ноябрда башталат

Коомдук телерадиоберүү корпорациясы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлеринин алгачкы теледебаттары ноябрдын ортосунда боло тургандыгын билдирди.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРКнын) башкы директору Кубат Оторбаев алгачкы дебаттар 13-ноябрда, саат 20:00дө түз эфирде баштала тургандыгын айтты.

«Теледебаттар парламенттик жана президенттик шайлоонун алдындагыдай эле принциптер боюнча орус жана кыргыз тилдеринде өтөт», – деди Оторбаев.

Ал теледебаттарга Бишкек шаардык кеңешин шайлоого талапкер катары катышып жаткан 23 партиянын бардыгы тең - күнүнө үч партиядан болуп катыша тургандыктарын айтты.

Партиянын ар бир өкүлүнө 20 мүнөттөн убакыт берилет. Андан сырткары дебаттын катышуучулары шайлоочуларга 10 мүнөттүк кайрылуу жасай алышат, деп жазылган КТРКнын пресс-релизинде.

Каналдын басма сөз кызматы чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча дебаттарга биринчилерден болуп «Акшумкар», «Борбор» жана «Эгемен Кыргызстан» партиялары катыш тургандыктарын билдирди.

«Ар-Намыс» саясий партиясынын депутаты Айнуру Алтыбаева теледебаттарга көз карашы жакшы экендигин, анткени ал жалпы элге депутаттардын ниеттери жөнүндөгү маалыматтарды жеткирүү мүмкүнчүлүгүн бере тургандыгын айтты.

«Теледебаттар — бул жакшы, анткени биз алар аркылуу калктын калың катмарына маалымат жеткирип, кандайдыр бир талкууларды жүргүзө алабыз», – дейт Айнуру Алтыбаева.

КСДП фракциясынан депутат Токтогул Тумановдун пикиринде, адамдар дебаттар аркылуу партиялардын чыныгы ниетин аныктай алат.

«Мен бул сыяктуу берүүлөргө жакшы көз караштамын. Анткени биз алар [теледебаттар]» аркылуу чындыкты аныктай алабыз», — дейт Токтогул Туманов.

Автор: Александра Ли