БШК: Парламент депутаттары жергиликтүү кеңештерге шайлана албайт

Жогорку Кеңештин депутаттары жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышса өз ишмердүүлүктөрүн токтото турушу керек. Бул тууралуу 31-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов «Ата Мекен» фракциясынын эки депутатынын Бишкек шаардык кеңешине талапкер катары көрсөтүлүп жаткандыгын комментарийлеп жатып билдирди.

Депутаттар Жогорку Кеңештин жыйынында 25-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча БШКнын төрагасынын отчетун угушту.

Маселе боюнча талкуунун жүрүшүндө «Ата-Журт» фракциясынан депутат Акматбек Келдибеков парламентарийлер Жоомарт Сапарбаев менен Наталья Никитенколор жергиликтүү кеңештерге талапкер катары көрсөтүлүп жаткандыгын эске салды. Ал кесиптештеринин жергиликтүү кеңештерди шайлоого талапкер катары катышып жаткандыгы мыйзам чегиндеби жокпу түшүндүрүп берүүнү өтүндү.

Туйгунаалы Абдраимов шайлоо процессине кызматтагы саясий адамдардын катышуусуна тыюу сала турган «Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамдын 17-беренесин окуп берди.

«Демек, Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын аткаруусун токтотуп турушу керек. Бирок мыйзамда ыйгарым укуктарын токтотуунун механизми көрсөтүлгөн эмес», – деп жооп берди Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы.

Абдраимов эгер Жогорку Кеңеш алардын ыйгарым укуктарын токтоткондуктары жөнүндөгү маалыматты бербесе БШК Сапарбаев менен Никитенкону «Ата Мекен» партиясынын Бишкек шаардык кеңешине көрсөткөн талапкерлеринин тизмесинен чийип салууга даяр экендигин кошумчалады.

Келдибеков мындан соң БШКдан шаардык кеңешке ат салышып жаткан «Ата Мекендин» талапкерлери Сапарбаев менен Никитенкону тизмеден чыгарууну талап кылды.

Бирок «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев кесиптештерин жактап, аны мыйзамдын нормаларына ылайык түшүндүрүп берди.

«Алар Бишкек шаардык кеңешин шайлоого Жогорку Кеңештин депутаты катары катышпай эле. Алар жөн гана өз милдеттерин аткарбашы керек, ошондуктан жыйындарга келбей, телеберүүлөрдөн көрсөтүлбөй эле. Алар учурда иштеген жок», – деп билдирди «атамекенчи».

Жаш кадрлар

Kloop.kg бул кырдаал боюнча пикирлерин угуу максатында Жоомарт Сапарбаев менен Наталья Никитенкого кайрылды.

Сапарбаев Kloop.kgге берген маегинде эгер Бишкек шаардык кеңешине шайланып калса Жогорку Кеңештеги мандатынан баш тартууга даяр экендигин ырастады.

«Эгер бардыгы биздин пландагыдай болсо мен өз тажрыйбамды жаңы орунда колдонууга даярмын. Ал эми менин кеңешке көрсөтүлүшүм тууралуу пикирин билдирген БШКнын башчысы Туйгуналы Абдраимовго мыйзамды колдонмо кылуу кеңешимди берем. Расмий кызматта туруп өзүнүн жеке пикирин билдирүү одонолук», – деп билдирди парламентарий.

Анын кесиптеши Наталья Никитенко Бишкек мэриясында иштеш үчүн Сапарбаев менен бирге «жаш жана перспективдүү команданы» чогултууну пландап жаткандыгын билдирди. Буга байланыштуу ал шаардык кеңештин депутаттыгына көрсөтүлүп жатат.

«Биз учурдагы мэрдин ишин эффективсиз деп эсептейбиз. Бизде зарыл болгон административдик реформаларды сунуштап, аларды аткара ала турган татыктуу кадрлар бар. Мен Жогорку Кеңеште билим берүү, илим, социалдык тармак боюнча алектенип келгендиктен менде тиешелүү тажрыйба бар. Командабыз менен бирге өз тажрыйбаларыбызды шаардык деңгээлде колдонууну каалайбыз», – деп түшүндүрдү ал.

Эл өкүлү Жоомарт Сапарбаев Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо «Ата Мекен» партиясынын тизмесинин алдында турат. Тизменин алдынкы бештигине анын кесиптеши Наталья Никитенко да кирет. Борбор шаардын кеңешинин депутаттарын шайлоо 25-ноябрга белгиленген.

Автор: Аскар Акталов