Кара-Суу: Дааратканадагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду

Ош облусунун Кара-Суу райондук прокуратурасы төрт кишинин өмүрүн алып кеткен борбордук базардын дааратканасындагы кырсык боюнча анын ээси менен жергиликтүү архитектуранын жумушчуларына каршы кылмыш ишин козгоду.

Кара-Суу районунун прокурору Каншир Маданбеков кылмыш иши «шалакылык», «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «курулуш иштеринде коопсуздук эрежелерин бузуу» жана «өзүм билемдик» беренелери боюнча козголгондугун Kloop.kgге билдирди.

«Кылмыш иштери архитектура жана шаар курулушунун жоопту кызматындагы адамдарга, архитектуралык курулуш иштерин көзөмөлдөө мамлекеттик башкармалыгынын, райадминистрациянын кызматкерлерине, жана албетте даараткананын ээлерине карата козголду», – деп билдирди Маданбеков.

Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы борбордук базардын коомдук дааратканасынын полу 3-ноябрда түшүп кеткен. Ал маалда ажатканада 15-20 адам болгон, деп билдирди окуяга күбө болгон Айбек Камалов Kloop.kgге.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кырсыктын жыйынтыгында төрт киши каза болуп, 15и жараат алышкан. Каза болгон төрт адам дароо табылган эмес. Аларды куткаруучулар бир нече сааттык куткаруу иштеринен кийин алып чыгышкан.

Жараат алган 15 кишинин алтоо ооруканада, бирөө реанимацияда. Калгандары биринчи медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө кое берилген.

Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимов кырсыктан улам базар шейшемби күнгө чейин жабылгандыгын айтты.

«[Дүйшөмбүдө] санитардык күн болот, ошондо андан ары тазалайбыз. [Шейшемби күнү] бардыгы кадимкидей жумушка чыгышат», — дейт аким.

Даараткананын бетон полу 3-ноябрда күндүзгү саат экилерде түшүп кеткен.

Коомдук даараткана 40 кишиге ылайыкташтырылган.

Кара-Суу базары Орто Азиядагы ири базарлардын бири болуп саналат — ал аркылуу негизинен Кытайдан келген товарлар аймактын башка өлкөлөрүнө сатылат.

Автор: Нуржамал Жаныбекова

Редактор: Александра Ли