Ош: автоунаа тыгынынан улам 100дөй коомдук кичиавтобус иштебей калды

Кара-Суу көчөсүн узартуу үчүн ал эки ай мурун жабылган. Бул көрүнүш автоунаа тыгындарын пайда кылып, андан улам кичиавтобустардын саны 10 пайызга кыскардыгын мэрия маалымдады. Айдоочулар тыгындан улам чыгашалар эки эсеге көбөйдү деп даттанышууда.

Борбордук базардын кире беришинендеги Кара-Суу көчөсү жабылгандыгынан бардык коомдук унаалар Навои көчөсү аркылуу өтүүгө аргасыз.

Күнүмдүк ишке чыккан коомдук кичи автобустардын саны 600-630 жакын болсо, учурда 500дөй деп билдирди мэриянын жүргүнчүлүк ташуу агенттигинин башчысы Искендер Жороев .

«Маршруткалар каттамы боюнча азаю бар. Процентке алганда 10-15 пайыз азаю болуп атат. Шоферлордон иштегендерден арыз келип жатат. Навои көчөсүндөгү жолдун тыгындыгы чоң чыгашаны талап кылып жатат. Ал жерде жарым сааттан бир саатка чейин туруп жатышат маршруттар» ,—деди Жороев.

Учурда коомдук транспорттун графиги сакталбаганы, авто тетиктери тез жаңылоосун талап кылуусу, күйүчү майдын нормадан ашыкча сарпталуусу— бул көйгөйлөрдүн бардыгы тыгындан улам жаралды деп даттанышууда айдоочулар.

Кичи автобустун айдоочусу Муханбетхон Эргешов бир маршруттук каттамдын айдоочулары төрт эсеге азайганын айтып, жергиликтүү бийликке жол маселесин тез аранын ичинде чечип берүүсүн суранат.

«Бизде 20 айдоочу бар ошонун ичинен 4-5 айдоочу чыкпай коет. Мен мурун алты рейс кыла турган болсом азыр төрт рейс зорго жүрөм»,—деп арызданды Эргешов.

Ал эми айдоочу Кадыр Тургунбаев айрым айдоочулардын ишке чыкпай койгон себебин начар саламаттыгы менен байланыштырат.

«Чыкпай койгондор бар. Алардын саламаттыгы жооп бербей калган учурда. Мисалыга, ошол унаа тыгынында туруп, кан басымы көтөрүлүп кетип чыдай албай калат. Анан көпчүлүгү ижарага алганда. Ижара өзүн акатабай жатат. Ошондон чыкпай коюп жатышат»,—деп оюн билдирди Тургунбаев.

Жороевдин айтуусунда, Ош шаарынын жолдордун стандартка жооп бербегени, жолдун тардыгы бардык жерде тыгынга алып келип жатат. Бир гана Навои көчөсүндө эмес Масалиева, Курманжан-Датка, Осмонов көчөлрүндө да ушундай эле көрүнүш.

Шаардык жол башкармалыгынын маалыматында, Кара-Суу көчөсүн кеңейтүү үчүн тендер 9-ноябрда жарыяланат.

Мэриянын планы боюнча, Кара-Суу көчөсү Алишер Навои көчөсүнүн кесилишине чейин 950 метрге узартылат.

Ош шаардык мэриясынын архитектура башкармалыгы, жолду узартуу иштерине 100 миллион сомдой каражат кетээрин маалымдаган.

Редактор: Айзат Шакиева