Бишкектин көчөлөрүндө «Шоро» суусундуктары жайы-кышы сатылат

Бишкектин мэри Иса Өмүркулов 2013-жылдан баштап «Шоро» компаниясынын шаар көчөлөрүндөгү суусундуктарды сата турган орундуктары толугу менен алынып, жаңылары коюла тургандыгын билдирди. Компаниядан жаңы орундар жылытылган болоорун жана жайы-кышы иштей тургандыгын айтышты.

Ош базарынын айланасындагы жолдорду ачуу салтанатында Өмүркулов «Шоро» компаниясы өзүнүн «эстетикалык функцияларын» аткара албай калгандыктан компаниянын суусундук сатуу орундуктары Бишкек шаарынын көчөлөрүнөн алынаарын билдирди.

2013-жылдан баштап орундуктар «жаңы, сырткы көрүнүшү жагымдуу жана бардык санитардык нормаларга жооп берген» жаңыларына алмаштырылат, деп кошумчалады мэр.

Бишкектин көчөлөрүндө улуттук суусундуктарды сата турган орундуктар жылуу мезгилдерде гана иштеп келет - жаздын башталышынан жайдын аягына чейин.

«Шоро» компаниясы шаар башчысынын айткандарын ырастады.

«Бул борбор шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча мэриянын талабы болгон. Анан биз орундуктарыбызды жакшыртууну чечтик. Компания учурда жаңыларын иштеп чыгуу менен алек болууда», — деди «Шоро» компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү.

Жаңы орундуктардын эскиздери иштелип чыгуу стадиясында жана алар азырынча жарыяланбайт, деп улантты бөлүм кызматкери.

«Жаңы орундарда суусундуктар жайы-кышы сатылгыдай болот. Буга байланыштуу компания жылыта турган улуттук суусундуктардын жаңы түрлөрүн киргизүүнү пландап жатат», — деди компания кызматкери.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы суусундук сатуучулар үчүн да шарттар жакшыраарын билдирди. Мэриянын өкүлү шарттар кандай жолдор менен жакшыртылаарын тактап айткан жок.

«Соода-сатык цивилдүүрөөк болушу керек», — деди ал.

«Шоро» ЖАКсы 1992-жылы ачылган жана улуттук алкоголсуз суусундуктарды, ошондой эле минералдык жана булак сууларын чыгаруу менен алектенип келет.

Автор: Хлоя Гейне