Жогорку сот Акылбек Сариевге жергиликтүү шайлоолорго катышууга уруксат берген жок

Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку төрагасы Акылбек Сариев башында турган шайлоочулар тобуна Бишкек шаардык кеңешин шайлоого талапкер катары катышууга уруксат берген жок. БШКнын мурунку төрагасы болсо шайлоочулар тобу жергиликтүү шайлоолорго талапкер катары катыша алат деп билдирип жаткан.

«Фрунзе-Бишкек» шайлоочулар тобу аларды жергиликтүү кеңештерге талапкер катары каттоодон өтүүгө тыюу салган чечимди жокко чыгарта алган жок — Жогорку соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы Акылбек Сариевди Башкек шаардык кеңешин шайлоого талапкер катары катышууга тыюу салган Биринчи май райондук сотунун чечимин ошол бойдон калтырды.

«Соттук коллегия «Фрунзе-Бишкек» шайлоочулар тобунун жетекчиси Сариев Акылбек Аблабековичтин даттануусун канааттандырбастан калтыруу өкүмүн чыгарды», — деп билдирди Жогорку соттун басма сөз кызматы.

Боршайкомдун мурунку башчысы Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы анын шайлоочулар тобун каттоонун акыркы күнү Бишкек шаардык кеңешин шайлоого катышууга уруксат бербей койгондон кийин сотко даттанган.

«Фрунзе-Бишкек» шайлоочулар тобунун өкүлү Эрик Ирискулбеков шайлоочулар топторунун Бишкек шаардык кеңешин шайлоого катышууга укуктары бар экендигин Kloop.kgге билдирди.

Ал мындай билдирүүнү жергиликтүү кеңештерге талапкерлерди көрсөтүү тууралуу айтылган «Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндөгү» мыйзамдын 49 беренесине таянып айтууда.

«Бул атайылап эле убакытты создуктуруу болду», — деген Сариев шайлоочулар тобунун документтерин кабыл алуудан баш тарткандыктары тууралуу айтып жатып.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов бул айыптоолорду четке кагып, бардыгы мыйзам боюнча жасалгандыгын айтты.

Ал Сариевге талапкерлердин тизмеси аймактык шайлоо комиссиясынын алдындагы партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө гана берилиши керектигин билдирди. Ал эми «Фрунзе-Бишкектин» өкүлү болгон эмес, анткени шайлоо комиссиясы топтун өкүлүн каттоодон өткөргөн эмес, деп кошумчалады ал.

Маматов журналисттерге Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо талапкер катары саясий партиялар гана катыша ала тургандыктарын белгиледи.

Ал дагы «Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндөгү» мыйзамдын 49 беренесине таянууда - Маматовдун версиясында, документте шайлоочулар тобуна катышуу укугу берилгени тууралуу эч нерсе жок экендиги айтылган.

25 шаардык жана 416 айылдык кеңештин курамын шайлоо 25-ноябрда болот. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого талапкер катары 23 партия катышып жатат.

Буга чейинки Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2008-жылдын октябрында болгон — анда шаар тургундары 377 талапкердин арасынан 44 депутатты шаардык кеңешке тандап алышкан.

Автор: Эльдияр Арыкбаев