Жактоочу Айткулов Сабировдун кол алдындагы адамды кайрадан суракка алууну «мыйзамсыз» деп эсептейт

Социалдык камсыздандыруу департаментинин мурунку башчысы Гүлнара Дербишеваны пара талап кылган деп айыпталып жаткан мурунку Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун сотуна кайрадан суракка чакырышат. Чиновниктин жактоочусу сот отурумунун акыркы баскычтарында суракка чакыруу тууралуу жазылган өтүнүчтү «мыйзамсыз» деп эсептейт.

Мамлекеттик айыптоочу Дербишева менен анын жардамчысы Екатерина Хорошманга эл аралык бала асырап алуу боюнча «кошумча суроолорду» берүүнү пландап жатат, деди прокурор Асаналы Иманбеков.

Ал прокуратура пара талап кылган деп айыпталып жаткан Социалдык камсыздандыруу департаментинин башчысынан эмнени сурай тургандыгын тактап айткан жок.

Айыпталып жаткан мурунку Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров прокуратура Дербишеваны суракка чакыруу менен ага карата «моралдык-психологиялык» басым жасалууда деп эсептеп жатат.

Чиновниктин жактоочусу Икрамидин Айткулов сот процесси финалдык бөлүгүнө - тараптардын жарыш сөзүнө - өткөндүктөн суракка чакырууну «мыйзамсыз» деп атады.

«Сот жообуна тартылып жаткандардын акыркы сөзү калды. Прокурордун өтүнүч берүүгө укугу жок, кайрадан суракка алуунун зарылчылыгы жок. Күбөлөр Хорошман менен Дербешева суракка алынган да», — деп нааразы болду Айткулов.

Кыргызстандын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 123-беренесине ылайык, өтүнүч катын жазуу соттук процесстин бардык баскычында мүмкүн.

Өкүм чыгарууга аз калды

Сабировдун иши боюнча сот төрт айдан ашык убакыттан бери созулуп келе жатат. Ишти кароо аягына жетип калды — Биринчи май райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова соттун кийинки - 16-ноябрдагы отурумунда «бардыгы бүтүп» өкүм чыгарылат деп болжолдоду.

Мамлекеттик айыптоочу Сабировду 15 жылга, анын жардамчысын 14 жылга эркинен ажыратууну сурап жатат. Чиновник италиялык компаниянын бирине эл аралык бала асырап алуу укугун бере турган лицензия үчүн «пара талап кылган» деп шектелип жатат.

Экс-министрдин жактоочусу прокуратуранын айыптоолорун «божомол» деп атап, Сабировду актап чыгышат деп эсептейт.

«Коюлуп жаткан күнөөлөрдүн бардыгы кийин көрсөтмөсүнөн баш тарткан Мирзахметовдун [Сабировдун жардамчысы] айткандарына негизделген. Эч кандай далил жок, жалаң божомол», – деди Айткулов.

3-октябрда өткөн соттун отурумунда экс-министр Сабировдун айыпталып жаткан мурунку жардамчысы Тахир Мирзаметов өз көрсөтмөсүн өзгөрткөн – эми ал жетекчисинин эч кандай күнөөсү жок экендигин айтып жатат.

Сабировдун кармалышы

Башкы прокуратура Сабировго карата кылмыш ишин 2012-жылдын июлунда, анын жардамчысы Мирзаметовдун көрсөтмөсүнө таянып козгогон — анда Мирзаметов параны жетекчиси үчүн талап кылгандыгын айткан.

Экс-министрдин жардамчысы өз күнөөсүн моюнуна алып, кичинекей баласы менен жубайы бар экенин айтып соттон жумшак өкүм чыгарууну суранууда.

Атайын кызматтагылар экс-министр Сабировду 5-июлда кармашкан. Чиновник өз дарегине айтылган айыптоолордун бардыгын четке кагып жатат.

«Мен айыптоолордун бир дагы пункту менен макул эмесмин, күнөөлүү да эмесмин. Мен эч кимден пара талап кылып, пара алган эмесмин», – деген Сабиров анын иши боюнча өткөн сот отурумунун биринен кийин.

Автор: Азат Рузиев

Сүрөт «Азаттык» радиосунун сайтынан алынды