Кыргызстандын жараны Казакстандагы кулчулуктан кийин үйүнө кайтып келет

Тышкы иштер министрлиги кулчулуктан качып кеткен Кыргызстандын жараны бир нече күндөн кийин үйүнө кайтып келээрин билдирди. Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги бул боюнча комментарий бере алган жок.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нуржигит Кадырбеков кыргызстандык жаран мекенине эки-үч күндөн кийин кайтып келээрин Kloop.kgге билдирди.

«Ал тууралуу маалымат келип түшөөрү менен тиешелүү иш-чаралар жасалды. Ал иштердин жүрүшүндө кулчулуктан качып кеткен жаран Ош шаарынын жашоочусу экендиги белгилүү болду», – деди Кадырбеков.

Жабырлануучуну Кыргызстанга кайтарып келүү боюнча документтер 13-ноябрда даярдалган, деп кошумчалады басма сөз катчы.

Кадырбеков «этикалык түшүнүктөрдү эске алып» андан аркы комментарий берүүдөн баш тартты.

«Мекендешибиздин абийири менен кадыр-баркын коргоо максатында анын аты-жөнүн айта албайбыз. Биз маалымат келгенде Казакстандагы элчилигибиз менен бул маселенин үстүндө иштедик», – деди басма сөз катчы.

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги аларда бул сыктуу окуялар «көп» катталгандыктан жана жабырлануучунун аты-жөнү белгисиз болгондуктан комментарий бере алган жок.

Бул Кыргызстандын жарандары Казакстанда кулчулукка кабылган биринчи окуя эмес - акыркы жолу мындай окуя 2012-жылдын октябрь айынын аягында катталган.

Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугунун кызматкерлери Казакстандын укук коргоо органдары менен биргеликте шаардагы мейманканалардын биринде күч менен кармалып турган кыргызстандык кыздарды табышкан.

Мекеменин маалыматы боюнча, аларды акча үчүн жыныстык катнашка барууга мажбурлап келишкен. Кыздардын бири жашы жете элек 15 жаштагы өспүрүм.

Бул окуя боюнча адамдар менен соода кылуу, кулчулук жана сексуалдык эксплуатация фактылары менен кылмыш иши козголгон.

Кыргызстандын Казакстандагы башкы консулдугу тергөө аяктаганга чейин маалымат берүүдөн баш тарткан.

Kloop.kgнин редакциясы укук бузуулар болуп келген делинген мейманкана тууралуу маалыматтарды таба алган жок.

Kloop.kgнин редакциясы укук бузуулар болуп келген делинген мейманкана тууралуу маалыматтарды таба алган жок.

Ал кыргызстандык кыздар тергөө иштери аяктагандан кийин үйлөрүнө кайтып келишет.

Автор: Шахида Дүйшеева

Редактор: Александра Ли