БШК жергиликтүү кеңештерди шайлоо үчүн аймактарга бюллетендерди жөнөтө баштады

Боршайком 15-ноябрда жергиликтүү кеңештерди шайлоо үчүн республиканын аймактарына бюллетендерди жөнөтө баштады. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 25-ноябрга белгиленген.

Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендерди аймактык өкүлчүлүктөрүнө жибере баштады.

«Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендерин “Континент” жана “Учкун” басмаканаларында басып чыгарууну аяктады», — деди БШКнын басма сөз катчысы Токтоболот Жумалиев Кloop.kgге берген маегинде.

Чүй облусу менен Бишкек шаарына бюллетендер «Учкун» басмаканасында, ал эми калган алты облус үчүн «Континент» басмаканасында басылып чыкты.

«Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, борбордук шайлоо комиссиясы аймактарга бюллетендерди шайлоого 10 күн калганга чейин, а Бишкек шаарындагы шайлоо тилкелерине 1-2 күн калганда жеткириши керек.

9-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы «Континент» басмаканасынан Бишкек шаары үчүн ашыкча чыгарылган эки миңдей бюллетень тапты, деп билдирген парламент жыйынында депутат Жылдызкан Жолдошева.

«БШК ашыкча бюллетендерди чыгарып, адилетсиз шайлоолордун өтүшүнө шарт түзүп жатат. Мыйзамды бузууга ким уруксат берди? Мындай саясаттын чыр-чатакка алып келээрине ишенем. Биз буга жол бербешибиз керек», – деп жазат «24» маалымат агенттиги парламентарийдин айткандарын.

Кыргызстандын Бишкек шаардык кеңешин жана башка бир катар шаарлары менен айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 25-ноябрга белгиленген. Бишкек шаардык кеңешиндеги орундар үчүн 23 партия ат салышып жатат.

Буга чейинки Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2008-жылдын октябрында өткөн — анда шаардык кеңештин 44 депутаты шайланган. Жалпысынан ал орундарга 377 талапкер ат салышкан.

Автор: Эльдос Казыбеков

Редактор: Александра Ли