Талоончулук кылган деп шектелип жаткан адам милиция тарабынан «кыйноого» алынгандыгын айтып даттанууда

Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочусу аны өз агасына каршы көрсөтмө бердиртүү үчүн Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери «кыйноого алгандыктарын» айтууда. Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча эч кандай маалыматы жок экендигин билдирди.

Ильхам Нураев аны 1-ноябрда оперативдүү кызматкер Марлис Жумабаев, тергөөчү Жумакеев жана башка милиция кызматкерлери өздөрүнө керек болгон көрсөтмө алуу үчүн «кыйноого алгандыктары» боюнча Башкы прокуратурага арыз жазды.

Нураевдин айтымында, милиция кызматкерлери аны Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматта иштеген аталаш бир тууганына каршы көрсөтмө берүүгө «мажбурлашкан».

«Мен Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз кармалдым. Алар мени бир суткадан ашык кабинетте кармап турушту, анда кылмыш иликтөө кызматкерлери мени ырайымсыздык менен уруп, кыйнап, биздин айылда 2010-жылы болгон талоончулук фактысы боюнча текстин бардыгын өздөрү окуп берип түшүндүрмө жаздырышты», — деп жазган Нураев арызында.

Анын апасы Хани Нураева Kloop.kgге уулунун тагдыры жөнүндө эки күн эч нерсе билбегендигин айтты. Кийинчерээк, ага белгисиз адам телефон чалып, уулу сүйлөшкүсү келип жаткандыгын билдирген.

«Уулум, апа, мени урушту, союлдар менен сабап, кыйноого алышты, пакеттер менен муунтушту. Көрсөтмөнү өздөрүнө керек болгондой кылып кыйнап алышты деп айтты » — деди Нураева.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев бул окуя боюнча азырынча эч нерсе билбестигин айтты.

«Аталган фактыны текшерүү үчүн мекемеге убакыт керек. Өткөндө да коомдук фонддордун бири Свердлов РИИБсинин кызматкерлери жашы жете элек кыздарды кыйноого алган деп маалымат каражаттарына билдирген, бирок ал маалымат туура эмес болуп чыкты», — деди басма сөз катчы.

Кыргызстандагы кыйноолор

Бул укук коргоо органдарынын кармалган адамдарга карата кыйноолорду колдонгон биринчи учуру эмес.

Сот 2011-жылдын декабрында кыйноого алган деп айыпталып жаткан төрт милиция кызматкерин актап чыккан.

Анда Турдахунов, Эрмеков, Исманов жана Нурдинов аттуу Сузак РИИБсинин төрт кызматкери Жаныш Халмаматовду кыйноого алган жана «ден-соолугуна зыян келтирүү», «кызмат абалынан ашыкча пайдалануу» жана «мыйзамсыз кармоо жүргүзүү» боюнча айыпталышкан.

Жалал-Абад облусунун тургуну Жанышбек Халмаматов 2009-жылдын 16-майында кошунасынын өлүмүнө күнөөсү бар делинип кармалган.

Укук коргоочу «Эркиндик үнү» уюму каза болгон адамдын туугандарынын айткандарына таянып, Халмаматовдун кошунасынын өлүмүнө күнөөлүү эмес деп билдирип чыгышкан. Туугандарынын версиясы боюнча, Жанышбек коңшусун ал өлүп калгандан кийин келип көргөн — аны унаа сүзүп кеткен.
«Эркиндик үнү» уюмунун өкүлдөрү милиция кызматкерлери күнөөнү моюнга алдыруу үчүн Халмаматовду кыйнап кыстоого алышкандыгын да айтып, далилдөөгө аракет кылышкан.

Автор: Шахида Дүйшеева

Редактор: Александра Ли