Премьер Сатыбалдиев Бабанов тарабынан кабыл алынган бир катар мыйзам долбоорлор менен токтомдорду жокко чыгарды

Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы Жантөрө Сатыбалдиев экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов тарабынан кабыл алынган 10 мыйзам долбоору менен токтомдорду жокко чыгарды. Сатыбалдиевдин бул чечиминде мурунку министрлер кабинетине каршы баруу аракети жок, деп билдиришти өкмөттөн.

Бабанов тарабынан кабыл алынган мыйзам долбоорлору менен токтомдорду жокко чыгаруу — бул «техникалык гана» чечим, деди Сатыбалдиевдин токтомдорунун аткарылышына жооп берген, аты жөнүн билдиргиси келбеген өкмөттүн аппаратынын кызматкери.

«Ал мыйзам долбоорлорунун көпчүлүгүн кайрадан иштеп чыгуу керек, кээ бирлери актуалдуулугун жоготуп койгон. Ал эми конкреттүү карама-каршылыктар болуп, аларды мурунку өкмөткө каршы кылуу — жок, андай мотив болгон эмес», — деп билдиришти өкмөттөн.

Сатыбалдиев премьер-министр болуп Бабановдун ордуна сентябрдын башында дайындалган — аны ал кызматка социал-демократтар партиясы сунуштаган.

Бабанов бийлик менен ачык тирешке түшүп, министрлер кабинетинин башчылыгынан кеткенден кийин Кыргызстандагы оппозиция лидерлеринин бири болуп калган.

Лидери болуп Бабанов эсептелген «Республика» партиясынын штабы Сатыбалдиевдин чечими боюнча жакынкы күндөрү комментарий бере тургандыктарын айтышты.

Өкмөттүн аппаратынын кызматкери коррупция менен күрөшүүнүн жаңы коплекстүү программасынан улам «Мүмкүн болгон коррупция же салыктарды жашыруу фактылары боюнча билдирген адамдар жөнүндөгү» мыйзам долбоору кайрадан иштеп чыгууга муктаж экендигин айтып, мисал келтирди.

Адилет министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, бул мыйзам долбоору адамдардын «эч кандай кооптонуусуз эле коррупция же салыктарды жашыруу фактылары боюнча милицияга билдирип турушуна» шарт түзүп берип турган.

Мурунку премьер

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов 2011-жылдын декабрынан баштап 2012-жылдын сентябрына чейин Кыргызстандын министрлер кабинетин башкарган, бирок анын дарегине айтылган айыптоолор жана буга чейинки коалициянын таркашынан улам кызмат ордун таштап кетүүгө мажбур болгон.

Президент Алмазбек Атамбаев Сатыбалдиевдин өкмөтүн 6-сентябрда бекиткен.

«Республика» фракциясы 3-сентябрда «Ар-Намыс», «Ата Мекен» жана КСДП фракциялары тарабынан жаңы парламенттик көпчүлүк коалициясы түзүлгөндөн кийин оппозицияга кеткен.

Бирок фракциянын мурунку лидери Канатбек Исаев башында турган «республикачылардын» бир тобу фракциядан бөлүнүп парламенттик көпчүлүктү колдоп чыккан.

«Республика» менен «Ата-Журт» учурдагы «Ырыс алды — ынтымак» парламенттик коалициясына кирүүдөн баш тарткандан кийин оппозицияда калган.

Курамына «Республика», КСДП, «Ар-Намыс» жана «Ата Мекен» фракциялары кирген буга чейинки «Биримдик» парламенттик коалициясы 22-августта таркаган — ага акыркы күндөрү «республикачылар» менен мамилеси бузулуп кеткен «Ата Мекен» жана «Ар-Намыс» фракцияларынын альянстан чыгып кеткендиги себеп болгон.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөт kenesh.kg сайтынан алынды