БШК партиялардын даттанууларына карабастан Жалал-Абаддагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарбайт

Жалал-Абад шаардык кеңешин шайлоого катышкан он партиянын жетиси «массалык мыйзам бузуулар» болгондугун айтып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жатышат. Аймактык шайлоо комиссиясы добуштар кайрадан эсептелбей тургандыгын билдирүүдө.

Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Бариса Турдубаева шайлоонун жүрүшүндө «массалык жана одоно» мыйзам бузуулар болбогондугун жана алар добуштарды кайрадан эсептебей тургандыктарын Kloop.kgге билдирди.

«Биз актылардын бардыгын карап чыктык, бирок аларда жетиштүү сандагы далилдер болгон эмес», — деди төрайым.

Шайлоого катышкан партиялардын дээрлик бардыгы тең Жалал-Абаддын шайлоо комиссиясынан добуштарды кайрадан эсептеп чыгууну талап кылышкан.

«Массалык мыйзам бузуулар» тууралуу «Бүтүн Кыргызстан», «Замандаш-Современник», «Республика», «Акшумкар», «Ата Мекен», КСДП жана «Эгемен Кыргызстан» партиялары билдиришти.

«Бул шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар - айлампа ыкмасын массалык колдонуу жана бюллетендерди таштоо болду. Ошондой эле башка шайлоочулардын атынан добуш берген Өзбекстандын жарандары да болгон», — деп, далилдөөгө аракет кылды «Эгемен Кыргызстан» партиясынын өкүлү Максатбек Жээнбеков.

«Республика» партиясынын өкүлү Жаныш Курбанов байкоочулардан даттануу арыздарын кабыл алуу учурунда шайлоо комиссиясы шаар башчысына таандык болгон «Өнүгүү» партиясы тарабынан түзүлгөн актыларды гана карагандыгын билдирди.

«Өнүгүү» партиясынын мүчөсү Кубанычбек Жолдошев Kloop.kgге берген маегинде Курбановдун айткандарын четке какты.

«Шаардын мэри партиянын мүчөсү да эмес. Ал шайлоодо бардык партиялар үчүн бирдей шарттарды түзүп берди. Башка партиялардын бизди айыптап жатышы кадыресе эле көрүнүш. Биздин партия эч кандай айлампа ыкмаларын колдонгон жок», – деди Жолдошев.

Кыргызстанда шаардык жана айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо 25-ноябрда өткөн.

Автор: Нурмухаммед Атамбаев

Редактор: Александра Ли