Өзгөндөгү жер силкинүү: каза болгондор жок

13-декабрда Ош облусунун Өзгөн районунда 4-4,5 баллдагы жер силкинүү катталды. ӨКМдин лдын ала алынган маалыматтары боюнча, кыйроолор жана каза болгондор жок.

Ош облусунун Өзгөн районундагы силкинүүлөр 13-декабрь күнү саат 9:52де сезилди, деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Жер титирөөнүн очогу Өзгөн шаарынан 30 чакырым түндүк-чыгышты көздөй же Жалал-Абад шаарынан 55 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан, деп жазылган ӨКМдин сайтында.

Жер силкинүүнүн күчү Өзгөн шаарында 3 балл, Салам-Алик айылында 4 балл жана Мырзаке айылында 3,5 балл болгон.

ӨКМдин билдирүүсү боюнча, кыйроолор жана каза болгондор жок.

12-сентябрда Кыргызстандын түштүгүндө — Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында дагы — күчү 4,6 баллды түзгөн жер силкинүү катталган. Анда ӨКМ кыйроолор менен каза болгондор жок, деп билдирген.

Бирок кийинчерээк, беш мектептин имаратындагы эски жаракалар кеңейип, жаңылары пайда болгондугу аныкталган.

Анда балдар жарака кетип, жапаа чеккен мектептерге баруусун уланта беришкен.

Автор: Зарема Султанбекова