Кыз ала качуу үчүн жазаны катаалдатуу парламент тарабынан биротоло жактырылды

2012-12-01_krazha-nevesty

Кыргызстандын парламенти кыз ала качуу үчүн жазаны катаалдатуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Мыйзам өлкө башчысы кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Айнуру Алтыбаева Kloop.kgнин журналисти менен болгон сүйлөшүүсүндө депутаттар эркине каршы кыз ала качуу үчүн жазаны эки эсеге катаалдаткан мыйзам долбоорун жактырышканын ырастады.

Мыйзам долбоору президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Алтыбаеванын айтымында, мыйзам он күндүн ичинде президент Алмазбек Атамбаевге жеткирилет.

«Регламентке ылайык, мыйзам кол коюуу үчүн президентке жөнөтүлөт. Президент дагы биздин толуктоолорду колдойт деген үмүттөмүн», — деди Алтыбаева Kloop.kgге берген маегинде.

Кыз ала качууга каршы Улуттук компаниянын мүчөсү Римма Султанова депутаттардын өлкөдөгү кыз ала качуу боюнча кырдаалды түшүнүп жаткандыктарына кубанычта экендигин билдирди.

«Аталган мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү жарандардын баамдап, ойлонуп туруп үй-бүлө курушуна жардам берет деген үмүттөбүз», — дейт Султанова.

Мыйзам долбоору өз ичине Кыргызстандын Кылмыш кодексине өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүүнү камтыйт — ага ылайык, кыз ала качуу үчүн колдонулуп жаткан үч жылга эркинен ажыратуу жазасы жети жылдык мөөнөткө чейин көбөйөт.

Төртөө каршы

Эл өкүлү Алтыбаеванын айтымында, мыйзам долбоорун 120 депутаттын төртөө гана колдогон эмес.

Алтыбаева аталган мыйзам долбооруна каршы добуш берген эки гана депутаттын — Социал-демократтар партиясынан Абдыманап Кутушев жана «Ата-Журт» фракциясынан Курмантай Абдиевдердин атын атай алды.

Абдиев өз чечимин жазанын «катаалдыгы» менен түшүндүрдү.

«Негизинен кыз ала качуу денесин оорутуп зыян алып келүү, же зордуктоо сыяктуу нерселер менен коштолот. Булар үчүн өзүнчө, катуураак жаза каралган. [...] Кыз ала качуу үчүн жети жылга эркинен ажыратуу — бул өтө катаал», — деди Абдиев Kloop.kgге берген маегинде.

«Учурдагы теңчилик» уюмунун 2011-жылдын аягында басылып чыккан маалыматы боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 11 миңден 16 миңге чейин кыз ала качуу болуп турат.

Кыргызстанда кыз ала качуу үчүн эң көп мөөнөткө соттолгон адам – катаал режимдеги абакка алты жылга кесилген.

Автор: Эльдос Казыбеков