Бишкек: Нугунан чыккан суу Ош базарынын бир бөлүгүн каптады

2012-12-22_bishkek-floodsi_10457

Күндүн кескин жылып кетишинен улам нугунан ашкан Ала-Арча дарыясынын суусу Ош базарындагы эки дарыкана менен дүкөндү каптап кетти. Ушундай эле кырдаал борбордун 10-кичи району жайгашкан дарыянын жогорку жагындагы агымында орун алып, андагы саунаны да суу каптаган.

Ала-Арчанын нугунан ашып кетүүсүнө Бишкектеги он күндүк катуу ызгаардан кийин абанын кескин жогорулап кетүүсү себеп болду.

Бишкекте 22-декабрда абанын температурасы 9 градуска чейин жогорулап, Ала-Арча дарыясына топтолуп калган муздун тез ээрип кетишине алып келди.

Суу борбордун Ош базарындагы эки дарыкана менен анын катарында орун алган дүкөндөрдүн бирин каптады.

Борбордун 10-кичи районунда суу жергиликтүү саунаны каптап, дарыя жээгинде токтоп турган «Ауди» үлгүсүндөгү унаа  сууга батып кеткен.

«Куткаруучулар мүмкүн болушунча кырсыктын кесепеттерин жоюууга аракет кылып жатышат, көйгөйдүн толугу менен качан чечилээри азырынча белгисиз», — деди ӨКМдин басма сөз кызматынын кызматкери Kloop.kgге берген маегинде.

Жалпысынан суу каптоонун кесепеттерин жоюу үчүн ӨКМдин 47 куткаруучусу менен аскер кызматкерлери иштеп жатышат.

10-кичи райондун жашоочулары суу 22-декабрь күнү болжол менен саат 14:00дордо жээктен чыга баштагандыгын айтышты.

Көп өтпөй эле ал жерге шаардын суу чарба башкармалыгы менен ӨКМдин кызматкерлеринен турган жумушчу топ келип, дарыянын агымына чогулуп калган музду жарып, суу ташкынын токтоткон.

Бул акыркы аптанын ичинде эле Ала-Арча дарыясынын экинчи жолу жээктен чыгып кетиши — өткөн ишемби күнү суу дарыянын агымына чогулуп калган муздардан улам нугунан ашып кеткен.

Авторлор: Нуржамал Жаныбекова, Эльдос Казыбеков жана Азат Рузиев

Редактор: Бектур Искендер