«Мир» каналынын имаратын бузуу маселеси президенттин деңгээлинде чечилип жатат

bishkek-at-night_10359

20-декабрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду имаратынын планы «өз алдынча» өзгөртүлгөндүктөн «Мир» телерадиокомпаниясынын имаратынын бир бөлүгүн бузган. Канал көгөйдү чечип берүү өтүнүчү менен президент Алмазбек Атамбаевге кайрылды.

Мамлекеттер аралык «Мир» телерадиокомпаниясы менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусу Бишкектин Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинда жайгашкан имараттын бир бөлүгүн талашып жатышат.

Мамлекеттер аралык компания пикир келишпестиктерди чечип, талашка түшкөн имаратты каналдын менчиги деп табууну суранып президенттин аппаратына кайрылды, деп билдирди «Мир» Эл аралык телерадиокомпаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Динара Сүймалиева Kloop.kgге.

«Компаниянын төрагасы Алмазбек Атамбаевге кайрылды, учурда президенттик деңгээлдеги териштирүүлөр жүрүп жатат. Биз мекеме компаниянын менчиги деп табылышын талап кылып жатабыз, ошондой эле чындыгында эле бизге зыян келтирилгендигин далилдөөгө аракет кылуудабыз», — деди Сүймалиева.

Буга чейин Сүймалиева Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун сотко берүү ниети бар экендигин Kloop.kgге билдирген, бирок азыр президенттин чечимин күтүп жатат.

Имарат кимге таандык?

Фонддун кызматкерлери имараттын бир бөлүгүн 20-декабрь күнү эртең менен бузуп башташкан.

««Мир» телерадиокомпаниясы эч кандай долбоордук жана уруксат берген документтерсиз эле, имаратынын планын өз алдынча өзгөртүп, кайра келбеттөө иштерин жасаган», — деп түшүндүрүштү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан.

Фонддун маалыматтарына ылайык, өкмөт компанияга колдонуу үчүн 612 чарчы метр имарат берген, бирок анын планын өзгөртүүдөн кийин «Мир» 701 чарчы метр аянтка ээ болуп калган.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду компания мамлекеттик имараттарды ижарага берип келгендигин да билдирген.

«Мир» телерадиокомпаниясынын жетекчилиги мамлекетке тиешелүү имараттарды мыйзамсыз түрдө жеке адамдарга ижарага берген, көп мезгил бою анын ижара төлөмдөрүн мамлекетке төлөбөй келген», — деп жазылган фонддун пресс-релизинде.

Компаниядагылар мамлекет Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имараттын бир бөлүгү «Мирге» берилген деп эсептеп жатышат.

«Биз компаниянын жеке менчиги деп атабыз [...] Бизге ал имарат “Мир” Эл аралык телерадиокомпаниясы ААКсынын уставдык капиталынын үлүшү катары берилген», — деген Сүймалиева 20-декабрда.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөт «К-Ньюс» маалымат агенттигинин сайтынан алынды