«Супер-Инфо» теле алып баруучуну тамаша үчүн уурдаган кызматкерлерин кайрадан жумушка алды

bishkek-night_10359

Октябрда теле алып баруучу Назира Айтбекованы «Тамаша-тор» рубрикасы үчүн уурдап кеткен «Супер-Инфонун» журналисттери кайрадан редакцияга жумушка кабыл алынды. Басылма бул чечимин тамашага катышкан журналисттеринин биринин тергөө абагына камалгандыгына каршы нааразычылык билдирүү деп түшүндүрүүдө.

«Супер-Инфо» гезитинин вице-президенти Айсулуу Алимбекова Kloop.kgге берген маегинде басылма чуу жараткан тамашадан кийин журналисттер Бахиана Сатылганова менен Максат Орузумбетовдорду кызматтан кетирүү жөнүндөгү 31-октябрда чыккан токтомду жокко чыгаргандыгын билдирди.

Анын айтымында, бул чечим Сатылганованын Бишкек шаарындагы тергөө абагына камалышына каршылык, нааразычылык билдирүү максатында кабыл алынган.

«Биздин кызматкер болуп турган чакта алар жардамыбызга таянып, бизге ишенишсе болот. Аларды коомдун кысымынан коргоого болгон күчүбүздү жумшайбыз», — деди Алимбекова Kloop.kgге берген маегинде.

Ал белгилегендей, учурда Сатылганова кош бойлуу, ошондой эле анын үйүндө «эки жашар баласы» бар.

25-декабрда «Супер-Инфо» гезитинин кызматкерлери тергөө абагынын жанында митинг өткөрүштү.

«Супер-Инфонун» журналисттерин Коомдук телерадиокорпорациянын алып баруучусу Назира Айтбекованы тамашага салгандыктары үчүн айыптап жатышат — алар октябрда аны тамаша рубрикасы үчүн уурдап кетишкен.

Айтбекованын айтымында, анда ага тапанча такап, зордуктай тургандыктарын айтып коркутушкан.

Ошондой эле Айтбекова «жалган уурулар» тарабынан сабоого алынгандыгын билдирген.

Уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери бир апта мурун аяктап, Сатылгановага баш коргоо чарасы катары тергөө абагына камоо чечими чыгарылган.

«Супер-инфонун» вице-президенти басылманын кызматкерлеринин тамаша учурунда «укуктарын ашыра пайдалангандыктарын» танбай эле.

«Биз аларга тамаша рубрикасында ырайымсыздык эч качан колдонулбашы керектиги боюнча айтып, эскерткенбиз. Бирок бул жолу алар эскертүүгө карабастан кызмат абалдарын чегинен ашырып жиберишти, ошондуктан кызматтан кетирүүгө мажбур болгонбуз», - деп түшүндүрдү Алимбекова гезиттин октябрдагы чечимин.

Басылманын вице-президенти теле алып баруучу Айтбекова «жеке кызыкчылыктарын» көздөп, окуя боюнча «туура эмес маалыматтарды» таркатып жаткандыгын кошумчалады.

Буга чейин Айтбекова аны Сапаргүл аттуу Орусияда мекендештеринен кордук көргөн кыздай кылып ич кийимине чейин чечинтип, камерага тарткандыктарын айтып, далилдөөгө аракет кылган – Сапаргүл үстүбүздөгү жылдын жаз айларында мекендештери тарабынан чет элдик адам менен жыныстык катнашта болгондугу үчүн «жазаланган», аны жылаңач кылып видеого тартып, тасманы интернетке жайгаштырышкан.

Автор: Элдос Казыбеков