Жалал-Абад: Милиция 2,5 млн сом уурдап кеткен кассирди издеп жатат

dictiory103

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында сактык кассасынын башчысы өз банкынан 2,5 млн сом уурдап кеткен. Милиция банктын аталышын билдирбей эле.

25-декабрда бактардын биринин Кара-Көл шаардык өкүлчүлүгүнүн өкүлү милицияга арыз менен кайрылган — ал 24-декабрь күнү болжол менен саат 17:00дордо алардын сактык кассасынын башчысы 4,5 миң АКШ долларын, 130 миң рубль жана 2,2 миллион сом уурдап алып, кетип калгандыгын билдирген.

Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү «ишенип берилген өзгөчө ири көлөмдөгү сумманы өзүнө алып алуу жана кызматтык абалын пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ички иштер министрлиги банктын аталышын билдирбей эле.

Ушундай эле окуя октябрдын аягында«Аманбанкта» болгон — анда банктын Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери 800 миң доллар уурдап алып, жашырынып калган.

Кийинчерээк сактык кассасынын башчысын колго түшүрүшкөн, бирок анын жанында уурдалган каражат жок болуп чыккан.

ИИМ алгач банктын аталышын билдирген, бирок кийинчерээк ал маалымат имараттын сайтынан алынып салынган.

Автор: Зарема Султанбекова