Камчы Көлбаев УКМКнын тергөө абагында дагы бир ай камакта болот

dicti

«Криминал авторитети» Камчы Көлбаев эң аз дегенде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында дагы бир ай камакта болот — анын камактагы мөөнөтүн Бишкектин Биринчи май райондук соту узартты. Көлбаев Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргызстанга 8-декабрда алынып келинген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Көлбаевдин камактагы мөөнөтүн 3-февралга чейин узартты, деп билдирди Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева Kloop.kgге.

Көлбаев Кыргызстанга 8-декабрда алынып келинген, анда баш коргоо чарасы катары аны январдын башына чейин камакка алуу чечими чыгарылган.

Kloop.kg Көлбаевдин жактоочусу Сергей Манукян менен байланыша алган жок.

Көлбаев Дубайда эки жыл жашаган, аны Кыргызстандын атайын кызматындагылар кармап келишкен. Бирок кийинчерээк Жогорку сот пресс-релизи аркылуу Көлбаевдин «өз каалоосу» менен келгендигин билдирген.

АКШнын бийлиги 2011-жылы Көлбаевди дүйнөнүн ири баңгитөбөлдөрүнүн кара тизмесине киргизген.

Учурда Кыргызстандын Кылмыш кодексинин төмөнкү беренелери боюнча тергөө иштери жүрүп жатат:

  • 123. Адам уурдоо
  • 125. Мыйзамсыз эркинен ажыратуу
  • 168. Талоончулук
  • 231. Кылмыштуу топту уюштуруу
  • 241. Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз алуу, сатуу, ташуу жана алып жүрүү
  • 247. Баңгизатын мыйзамсыз даярдоо, сактоо жана сатуу
  • 341. Бийликтин өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү

“Криминал авторитети”

2000-жылы Көлбаев кылмыш чөйрөсүндөгү негизги атаандашы болгон Рыспек Акматбаевди өлтүрүү максатында кол салгандыгы үчүн 25 жылга эркинен ажыратылган, бирок алты жылдан соң абактан качып кеткен.

Көлбаевдин жети боз үй тигип, 2008-жылы Нарын облусунда уюштурган майрамдык иш-чарасы өзгөчө талкуу жараткан — анда президент Курманбек Бакиевдин иш башкармалыгынын чиновниктеринин жүргөнү дагы байкалган.

Көлбаев Бириккен Араб Эмираттарына 2010-жылдагы ревлоюциядан кийин качып кеткен.

Кыргызстан 2011-жылы аны өткөрүп берүүнү талап кылган. Көлбаев бир канча убакыт Интерпол тарабынан да кармалып турган, бирок ошол эле жылдын сентябрь айында бошотулган.

Автор: Зарема Султанбекова