Теле алып баруучу Айтбекованы уурдоого катышкандардын бири тергөө абагынан чыгарылды

diti

Ден соолугунун начарлагандыгына байланыштуу «Супер-инфо» гезитинин кош бойлуу журналисти Бахиана Сатылганованы тергөө абагынан чыгарышты. Ал «Аалам сырлары» программасынын алып баруучусун уурдаган деген шек менен кармалган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф Сатылганованы Бишкек шаардык сотунун чечими менен чыгаргандыктарын билдирди.

№1 тергөө абагынын атайын бөлүмүнүн кызматкери журналист сот залынан бошотулгандыгын айтты.

Комментарий алуу үчүн Бишкек шаардык соту жеткиликсиз болууда.

«Супер-инфо» гезитинин вице-президенти Айсулуу Алибекова Kloop.kgге берген маегинде учурда алардын шектүү катары кармалган кызматкери ооруканада экендигин билдирди.

«Анын жалпы саламаттыгы начарлап кетти, мүмкүн боюнан түшүү коркунучу пайда болгондур. Биз башка эч нерсе билбейбиз», – деди Алибекова.

Сатылганова менен анын кесиптеши Максат Орузумбетовдор теле алып баруучу Айтбекованы тамашага салгандыктары үчүн айыпталып жатышат — алар октябрда алып баруучуну тамаша-тор рубрикасы үчүн уурдап кетишкен.

Айтбекованын айтымында, анда ага тапанча такап, зордуктай тургандыктарын айтып коркутушкан.

Ошондой эле Айтбекова «жалган уурулар» тарабынан сабоого алынгандыгын билдирген.

Уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери аяктап, Сатылгановага баш коргоо чарасы катары тергөө абагына камоо чечими чыгарылган.

«Супер-инфонун» вице-президенти басылманын кызматкерлеринин тамаша учурунда «укуктарын ашыра пайдалангандыктарын» танбастыгын билдирүүдө.

«Биз аларга тамаша рубрикасында ырайымсыздык эч качан колдонулбашы керектиги боюнча айтып, эскерткенбиз. Бирок бул жолу алар эскертүүгө карабастан кызмат абалдарын чегинен ашырып жиберишти, ошондуктан кызматтан кетирүүгө мажбур болгонбуз», - деп түшүндүргөн Алимбекова гезиттин октябрдагы чечимин.

Аны менен катар «Супер-инфонун» вице-президенти Айтбекова «жеке кызыкчылыктарын» көздөп, окуя боюнча «туура эмес маалыматтарды» таркатып жаткандыгын айткан.

Буга чейин Айтбекова аны Сапаргүл аттуу Орусияда мекендештеринен кордук көргөн кыздай кылып ич кийимине чейин чечинтип, камерага тарткандыктарын айтып, далилдөөгө аракет кылган – Сапаргүл үстүбүздөгү жылдын жаз айларында мекендештери тарабынан чет элдик адам менен жыныстык катнашта болгондугу үчүн «жазаланган», аны жылаңач кылып видеого тартып, тасманы интернетке жайгаштырышкан.

Автор: Мария Гребнева