Жалал-Абад облусу: Өзбекстандын жарандары кыргыз койчусун «сабап кетишти»

sheep

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Биринчи май айыл өкмөтүнүн аймагына «мыйзамсыз» кирип келген Өзбекстандын жарандары жергиликтүү койчуну «ур-токмокко» алып, анын 80ге жакын коюн айдап кетишкен.

Ала-Бука районунун акими Атантай Рыскулов Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арачылары шектүүлөрдү кармап, «уурдалган» койлорду ээсине кайтарып беришкендигин Kloop.kgге билдирди.

Ал окуядан кийин жабырланган адам ооруканага жеткирилгендигин кошумчалады.

«Койчуга биринчи тез жардам көрсөтүлдү, ал чек арадан 77 койду [ чек арачылар кайтарып берген] өз алдынча айдап кете алды», – деп билдирди ал.

Кыргызстандын Чек ара аскерлиги эки өлкөнүн аскерлеринин ортосунда сүйлөшүүлөр болгондугун, анда кыргыз тарап кылмышкерлердин жоопкерчиликке тартылышын талап кылгандыгын билдирди.

«Алар [шектүүлөр] Өзбек Республикасынын аймагында, ал өлкөнүн укук коргоо органдарынын колунда, мүмкүн алар тергөө абагына да камалышса керек», – деди Чек ара аскерлигинин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева Kloop.kgге берген маегинде.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча комментарий алууга жеткиликсиз болууда.

Ала-Бука району Жалал-Абад облусунда, Өзбекстан менен чектеш аймакта жайгашкан.

Автор: Нуржамал Жаныбекова