Орусиянын улутчулдары Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн визалык режим киргизүүнү талап кылып жатышат

IMG_0064_

Орусиядагы «Улуттук күч» кыймылы Борбордук Азиядан барган мигранттар үчүн визалык режим киргизилиши үчүн кол топтоп баштады. Орусиядагы кыргыз диаспораларынын ассоциациясы Кремль улутчулардын талабы менен макул болбойт деп эсептейт.

«Стоп-миграция» компаниясын баштап, 2-февралда Москвада митингке чыккан «Улуттук күч» кыймылынын активисттери Борбордук Азиядан барган мигранттар үчүн визалык режимди киргизүүнү талап кылышты.

«Биз эмнеге миграцияга каршы чыгып жатабыз? Этникалык же расалык себептен эмес. Бизде эч кандай жаман ой жок, мигранттардын көпчүлүк бөлүгү Орусия аймагында мыйзамсыз жүргөндүктөн каршы чыгып жатабыз», — деген компаниянын уюштуруучусу Валерий Соловьев митингтин жүрүшүндө.

«Ридус» агенттигинин маалыматы боюнча, митингке Борбордук Азиядан барган мигранттарга визалык режим киргизүү үчүн кол койгон 300дөй адам катышкан; кол топтоо интернет аркылуу да жүргүзүлүүдө.

Компаниянын уюштуруучулары 100 миңден ашык кол топтоп, аларды Орусиянын президенти Владимир Путинге өткөрүп берүүнү көздөп жатышат.

«Биз президенттин атынан Думага мыйзам чыгаруу демилгесинин киргизилишин талап кылып жатабыз. Азыркы шартта Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн визалык режим киргизүү зарыл», — деп жазган «Азаттыктын» тажик кызматы Соловьевдун айткандарын.

«Азаттык» материалында «Стоп-миграция» компаниясынын активисттерине шилтеме жасап мигранттардын айынан Орусия «этнокылмыштардын укмуштуудай өсүп кетүүсүнө, улуттар аралык абалдын курчушуна, тынымсыз баңгизатынын сатылышына, жалпы айлык акынын өлчөмүнүн азайышына жана жугуштуу оорулардын көбөйүшүнө» дуушар болуп жаткандыгын жазган.

«Замандаш» ассоциациясынын Орусия менен Казакстандагы кыргыз диаспораларынын миграция маселелери боюнча координатору Азамат Айтбаев Орусия бийлиги Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жарандары үчүн визалык режим киргизбейт деп эсептейт.

«Орусияга жумушчу күч керек, ошондуктан алар визалык режим киргизишпейт», — деди Айтбаев.

«Замандаш» ассоциациясынын маалыматы боюнча, Орусиядагы кыргыз мигранттары этнокылмыштар боюнча акыркы орунда турат, ошондой эле алар чек арадан өтөөрдүн алдында медициналык текшерүүдөн өтүшөт.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтары боюнча, Советтер Союзунун таркашы менен 1993-жылы мигрант катары Орусияга 550 миңден ашык киши чыгып кеткен.

Автор: Эльдияр Арыкбаев