Бишкек: Мэрдин кызматтан кетиши үчүн кол топтоп жүргөн адам кармалды

996029_460595914030232_1396819249_n
Милиция Бишкектин мэри Иса Өмүркуловдун кызматтан кетиши үчүн кол топтоп жүргөн кезинен «Жашылдар партиясынын» өкүлү Александр Толмачевду кармады. ИИМ анын кармалышын Толмачевдун борбордогу көчөлөрдүн чуңкурларын бое боюнча өтүп жаткан акцияга катышкандыгы менен байланыштырып жатат.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев аларга «Тазалык» муниципалдык ишканасы арызданып кайрылганын Kloop.kgге билдирди.

«Алар белгисиз адамдар борбордук көчөлөрдөгү жол төшөлмөлөрүнө боек менен түрдүү сүрөттөрдү, жазууларды түшүрүп, зыян келтирип жаткандыктарын билдиришти», — деди Осмонбаев.

Басма сөз кызматтын өкүлү милиция борбордун көчөлөрүндөгү чуңкурларды бео акциясына катышкандардын бардыгын кармабай тургандыгын белгиледи.

«Милиция дароо эле акция катышуучуларын кармап баштады деп түшүнбөш керек, таптакыр андай эмес. Александр Толмачев мэриянын жанындагы чуңкурларды боеп баштаган деп шектенгендердин кайрылуусу боюнча мэриянын жанынан кармалды», — деди Осмонбаев.

Толмачев Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди — милиция анын аракеттеринде кылмыштын курамынын бар-жоктугун териштирип жатат.

Басма сөз кызматтын өкүлү Толмачевго жаза катары административдик айып пул төлөө белгилениши мүмкүндүгүн айтты.

Осмонбаев «Жашылдар партиясынын» мүчөсүнүн кармалышы анын шаар башчысынын кызматтан кетиши үчүн кол топтогондугуна таптакыр байланышы жоктугун түшүндүрдү.

ИИМдин басма сөз кызматынан шаар бийлиги пландалган бул акция боюнча милицияга эскертпегендигин билдиришүүдө.

Kloop.kg акция уюштуруучусу Айбек Баратов менен байланыша алган жок.

Активисттер 27-июнь күнү эртең менен Бишкектин борбордук көчөлөрүндөгү чуңкурларды боектор менен белгилеп, аларга «Яма», «Дырка» жана «Тешик» деп жазышкан. Кээ бир чуңкурларга борбордун мэри Иса Өмүркуловдун сүрөтү түшүрүлгөн.

Активисттер мындай ыкманы шаар бийлигинин көңүлүн оңдолгонуна аз гана убакыт болгон жолдордун абалына буруу үчүн тандап алышкан.

Бүгүн Бишкек шаардык соту шаардын абалы, аткарылып жаткан иштер тууралуу мэр Өмүркуловдун отчетун угуп жатат. Андан соң шаар башчысына ишеним көрсөтпөө боюнча добуш берүү болот.

Автор: Зарема Султанбекова

Сүрөт Толмачевдун «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды