Июнь окуясында жабыркагандар берилген үйдүн сапатына нааразы

DSC_0211

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү мамлекеттик дирекциясы курдурган  көп кабаттуу үйлөрдүн  абалы начардыгын айтып, жашоочулар арызданууда.

Жаан жааганда Манас-Ата кичи районундагы  Касымбеков 3-А  үйүнүн чатырынан суу кирип, дубалдары көөп, электр лампалары күйүп ток тартарын айтып, жашоочулар кечээ күнү журналисттерге кайрылган.

Берилгенине эки жыл болбой дубалдары көөп, көчө баштаган
Берилгенине эки жыл болбой дубалдары көөп, көчө баштаган

Бул үй 2010-жылы июнь коогалаңынан кийин курулуп, коогалаңдан жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө берилген.

“Батир бизге 2011-жылы август айында берилген. Көчүп келгенбизге 2 жыл болбой, трубалар жарылып, дубалдар ажырап, суу сарыгып агып кыйнады. Өзүбүз да оңдоп-бүтөөгө аркет кылдык. Болбой жатат”,-деди ушул үйдүн тургуну Чолпон Рустамова.

Ал эми Зулфия Кочкорова  батирди алгандан эле мында  туруктуу жашабагандыгын айтат.

“Июнь окуясында күйөөм каза болгон. Бул үйдү алгандан кийин мында уул-келиним бир аз убакыт эле жашашты. Балам Россияга иштеп кетти, келиним менин колумда. Батирди жаап койгонбуз. Кез-кезде келип үйдөн кабар алып турам. Жаан жааганда суу шыптан сарыгып агып, дубалы, полу көөп баратат”,- деди Зульфия айым.

Жаан жааганда шыптан суу кирип, дубалдары көөп баратканын айтат үй башчы Гүлзина Алдакулова
Жаан жааганда шыптан суу кирип, дубалдары көөп баратканын айтат үй башчы Гүлзина Алдакулова

Үй башчысы Гүлзина Алдакулованын айтымында, кышында кардын суусу сарыгып, батирлерге кирет.

“Үй жалпы 40 квартиралуу. Азыр 35 үй-бүлө  жашайт. Жаан жааганда суу 1 кабатка чейин сарыгып, дубалдарыбыз көчүп саргайып кетти. Ремонт кылганы бизде каражат жетишпейт. Бул жерде жакындары коогалаңда набыт болгондор, үйү күйүп кеткендер жашайт. Жесир,тапканы эч нерсеге жетпеген адамдар не кылсын? Кышта суук болгондуктан, арыз жазсак, үй жылыткыч алып беришкен. Ал дагы иштебей жатат”,-дейт үй башчысы.

“Ош шейиттери” коомдук уюмунун төрайымы Тургунайым  Айтиеванын билдиришинче, алар Жогорку  кеңешке, мамлекеттик дирекцияга да кайрылышкан. Жооп болгон эмес.

“Жаз башталып, жаан жааган мезгилде бизге ушул үйдүн тургундары арыз менен кайрылган. Мамлекеттик дирекциянын башчысына билдирдик. Көңүл бурбагандыктан, Жогорку кеңешке кайрылдык. Кайрылуубуздун негизинде алар Өкмөткө билдирген. Келип ремонт  кылып беришти,  анысы да жаман  бойдон калды. Эң коркунучтуусу - электр точкаларына суу кирип, ток тарткан учурлар болот. Бул үйлөрдүн эксплуатациясы 3 же 5 жыл эмес да, кеминде 25 жылга  деп салынган. Мамлекеттик комиссия  карап, элге берилген. Жергиликтүү бийлик бул үйлөрдү кабыл алган эмес. Ош шаарынын балансына өткөрүлө элек. Азыр жашап жаткандардын кызыл китеби да жок, берилген ордер боюнча эле жашап келе жатышат. Ар түрдүү түйшүк жаралса, биз Бишкекке кайрылабыз”,- деди Т.Айтиева.

"Ош шейиттери" коомдук уюмунун төрайымы Тургунайым Айтиева
"Ош шейиттери" коомдук уюмунун төрайымы Тургунайым Айтиева

Ал эми үйлөрдү кабыл алуу комиссиясынын төрагасы Калмамат Маматеминович үйлөр мыкты деңгээде курулганын, кабыл алууда комиссия текшерип, андан кийин июнь окуясында  жабыр тарткандарга бөлүп бергенин айтты.

Кечээ күнү Ош шаарынын Касымбеков 3-А үйүнүн тургундарынын көйгөйлөрү жалпыга маалымдоо каражаттарында айтылгандан кийин куруучу компания жерине барып, жашоочулар менен жолуккан. Дүйшөмбү күнү үйдүн чатырынын суу кирген жерлерин жамап жана түтүктөрүн бүтөп берүүнү убадалышканын үй башчысы Гүлзина Алдакулова кабарлады.

Эске салсак, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү мамлекеттик дирекциясы 2010-жылдын июнь окуясынан жабыркагандар үчүн көп кабаттуу үйлөрдү жана жеке турак үйлөрдү куруп берген.

Автор: Нургазы Батыров

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева