Синтетикалык кийизден тигилген саркеч калпактар

DSC_0091

Калпак - кыргыздын улуттук баш кийими. Табигый жүндөн жасалган калпак ысыкта башты салкындатат, суукта жылытат. Азыр калпактар саркеч стилде, бирок синтетикалык кийизден тигилип жатканын белгилешет уздар.

Калпак тээ илгертен  табигый жүндөн болгон ак кийизден жасалып келгенин, азыр болсо синтепондон тигилип жатканын айтат ”Мурас” тигүү цехинин жетекчиси  Динара Осмонова.

“Мурда калпактар чылгый жүндөн жасалган. Азыр жүн аз. Адамдар анча колдонбой калгандыктан, калпак Кытайдын  синтетикалык кийизинен тигилип калды. Табигый кийиздин баасы  да кымбат”,-дейт Динара айым.

DSC_0317

DSC_0340

12

Калпактын тигилишине карап улгайгандарга жана жаштарга арналганын билүүгө болорун айтат ал. Калпактын чекеси агы жаштар үчүн, карасы улуу жаштагыларга деп тигилет.

Мурда калпак колдо бычылып, кол менен менен көркөмдөлүп сайма түшүрүлсө, азыр  техникалык жабдыктар жардамга келет. Азыркы шартта калпактын кандай жасалаарын бизге уз Динара Осмонова айтып берди:

DSC_0309

DSC_0313

“Алгач Кытайдан алып келинген синтетикалык кийизден станокто калпак бычылат. Станоктун жардамында  калпакка ар түрдү оймолорду түшүрөбүз. Оймолор мүйүз, жүрөкчө, сайма, арча гүл, түндүк болуп бөлүнөт. Оюу салынган соң тигүүчү машинелер менен бардык бөлүктөрү бириктирилип чыгат. Күнүнө 150дөй калпак тигебиз.

К.2

DSC_0120

Базарда калпактын баасы 50 сомдон 500 сомго чейин. Синтепон калпактар 50 сомдон 100-150 сомго чейин сатылат. Табигый жүн кийизден жасалган калпактын баасы 450-500 сомго жетет”,- деди Динара Осмонова.

Кыргызстанда 5-март Ак калпак күнү деп белгиленип келет. 2011-жылы кыргызстандык белгилүү режиссер Рысбек Жабировдун  демилгеси менен уюштурулган.

Автор: Ырысгүл Жуманазар кызы

Сүрөттөр автордуку

Редактор: Гүлзат Газиева